«Кумтɵрдүн» Балыкчы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери Шаардык карылар үй тургундарын Жеңиш Күнү менен куттукташты

«Кумтɵрдүн» Балыкчы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери Шаардык карылар үй тургундарын Жеңиш Күнү менен куттукташты

Жарыяланган: 11 May 2017

2017-жылдын 10-майында Балыкчы өткɵɵл база кызматкерлери арасындагы «Кумтөрдүн» элчилери шаардык Карылар үйүндө Улуу Ата-мекендик согушта Жеңиштин 72 жылдыгы менен куттуктап, майрамдык түшкү чай беришти. Ага утурлай, кумтөрчүлөр каражат жыйнашып, микротолкундуу жана эки электр мештерин белек кылышты. Учурда Балыкчы шаардык Карылар үйүндө 30 карыя жашап, алардын бири согуштун ардагери.

Мекеменин жетекчилиги менен шаардык мектеп окуучулар ардагерлерге майрамдык куттуктоо концертин уюштурушту. Майрамдык дасторкондо тынчтык жана бейпилдик тилектери айтылып, окуучулардын ыр-бийлери жүрөк жылыткан белек болду.

Иш чарага катышкандар: Цыганков Захар, Раимкулова Жылдыз, Кулатаев Алибек, Карагул уулу Ашырбек, Чекирбаев Асыкбек, Кадыралиев Максат, Кадыров Төлөн, Каземир Екатерина жана Рубан Олеся.