“Кумтөр” кен ишканасынын персоналды башкаруу жана администрация бөлүмү менен кен медициналык бөлүмүнүн кызматкерлери Ысык-Көл районуна караштуу Семенов айылындагы “Дружная семья” балдар үйүнө жардам көрсөтүштү

“Кумтөр” кен ишканасынын персоналды башкаруу жана администрация бөлүмү менен кен медициналык бөлүмүнүн кызматкерлери Ысык-Көл районуна караштуу Семенов айылындагы “Дружная семья” балдар үйүнө жардам көрсөтүштү

Жарыяланган: 24 October 2017

“Кумтөрдүн элчилери” корпоративдик ыктыярчылар программасынын алкагында, 2017-жылдын 22-октябрь күнү “Кумтөр” кен ишканасынын персоналды башкаруу жана администрация бөлүмү менен кен медициналык бөлүм кызматкерлери Ысык-Көл районундагы Семенов айылындагы мамлекеттик эмес “Дружная семья” балдар үйүнө барып, жардам көрсөтүштү. Чогултулган каражатка газ-электрик меши жана аталган балдар үйүнүн тарбиялануучуларына кышкы бут кийимдер сатып алынып, жеткирилди.
“Дружная семья” мамлекеттик эмес балдар үйү мындан 13 жыл илгери ачылып, аккредитациядан өткөн, учурда мамлекет тарабынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан эч кандай жардам көрсөтүлбөйт, балдар үйүнүн жетекчилиги жеке жактарга жана мамлекеттик эмес уюмдарга жардам суроо менен кайрылып келет. Бүгүнкү күнгө карата аталган балдар үйүндө 4 жаштан 17 жашка чейинки 19 бала туруктуу негизде жашап келет. Алардын баардыгы бул жерге түрдүү себептерден улам, Ысык-Көл районунун жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясы жана социалдык коргоо башкармалыгынын бөлүштүрүүсүнүн негизинде келишкен.
Аталган кайрымдуулук акциясынын баардык катышуучуларына чоң ыраазычылык билдиребиз – кен ишканасынын персоналды башкаруу жана администрация бөлүмүнүн кызматкерлерине, кен турак-жай лагери жана коомдук тамактануу бөлүмдөрүнүн, медициналык бөлүмүнүн кызматкерлерине.