«Кумтөр» компаниясынын жабдуу бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы эки жалгыз бой аялдарга жардам көорсөтүштү

«Кумтөр» компаниясынын жабдуу бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы эки жалгыз бой аялдарга жардам көорсөтүштү

Жарыяланган: 17 August 2017

«Кумтөр» компаниясынын жабдуу бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган өкүлдөрү өтө муктаждыктагы жалгыз бой энелер Айгүл менен Наргизага жардам беришти. Бул турумууштук жашоосундагы өтө муктаж эки аялдар жөнүндө алар массалык маалымат каражаттарындагы макалалардан билишкен.

Айгүл эки уулу менен Бишкектин жанындагы Арча-Бешик жаңы конушунда жашайт. Улуу баласы – 8, кичүүсү – 7 жашта. Бул үй-бүлө жашоо үчүн мурунку мончону ижарага алган жана тамак-аш азык-түлүктөрүнө муктаж, анткени Айгүл убактылуу эч жерде иштебейт. Чогултулган каражатка Жабдуу бөлүмүнүн кызматкерлери тамак-аш азык-түлүктөрүн жана мектеп үчүн керектүү канцтоварларды алышты. Андан тышкары, Айгүлдүн өтүнүчү боюнча, анын кенже уулуна мектеп формасын, ал эми Айгүлдүн жеке өзүнө керектүү буюмдарды жана жылуу кийимдерди, үй тиричилигине керектүү техникаларды алып берди. Бардык белектер апасы менен балдарына аябай жакты. Айгүл тамак-аш азык-түлүктөрү үчүн ыраазы болду жана жардам берген ар бир адамга ыраазылык сезимин билдирип коюуну өтүндү. Материалдык жардамдардан тышкары кумтөрчүлөр юридикалык жактан да колдоо көрсөтүштү. Ачык айтканда, Айгүлдүн өзүнө укуктук жардам көрсөтүлдү, ошондой эле анын балдарын орто мектепке алуу үчүн арыз берүү жана балдардын документтерин даярдоо маселелеринде да жардам беришти.

Жалгыз бой аял Наргизага да кайрымдуулук жардам көргөзүлдү. Анын уулу үчүн мектеп формасы жана төрт таңгак памперстер берилди. Анын уулу Аман 9 жашта, ал баса албайт, жакында эле жетинчи операцияны башынан кечирди. Бул үй-бүлө Чүй обулусундагы Беловодское айылында жашайт, Аманды дарылоо үчүн бир айга Бишкектен 1 бөлмө батир жалдашкан. Наргиза дарылангандан кийин уулунун басып кетерине ишенет. Ушул жуманын аягында алар үйлөрүнө кетишет. Наргиза уулу Аман мектеп формасы үчүн аябай кубанганын жазып жиберген. Ал «Кумтөр» компаниясынын Жабдуу бөлүмүнө өтө чоң ыраазычылыгын жана баарына чың ден соолук каалай тургандыгын билдирет.

«Кумтөр» компаниясынын Жабдуу бөлүмү муктаждыгы бар жалгыз бой аялдарга квартал сайын адрестик көмөк көрсөтүү үчүн «Кумтөр» компаниясынын Жабдуу бөлүмүнүн кызматкерелери мындай каражатты туруктуу чогултушат. Ыктыярчылар көптөгөн үй-бүлөлөгө жардамдарын беришти. Бул жардамга муктаж жалгыз бой аялдарга көмөк көрсөтүү кайрымдуулук долбооруна бардык каалоочулар катыша алышат.