“Кумтɵр” компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери «Адамзатка Жардам» кризистик борборуна жардам беришти

“Кумтɵр” компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери «Адамзатка Жардам» кризистик борборуна жардам беришти

Жарыяланган: 06 September 2016

“Кумтɵр” компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери жергиликтүү «Адамзатка Жардам» кризистик борборуна кийм-кече, оюнчук жана акча жыйнашты. Аталбган борбордо 20 жетим бала жашайт. Чогулган каражатка балдар мектепте керектөөчү окуу куралдарын жана борбор жетекчилиги өтүнгөн, имаратты тазалыкта сактоо үчүн чаң соргуч шайманы сатып алынды.

Кечээ, 2016-жылдын 5-сентябрында, Балыкчыдагы ɵткɵɵл базанын кызматкерлери «Адамзатка Жардам» кризистик борборуна барып, тарбиялануучуларга чай уюштуруп, белектерин тапшырышты.

Борбордун жетекчилиги менен бөбөктөр “Кумтөрдүн” элчилери Джефри Джеймс, Захар Цыганков, Риан Герман, Раимкулова Жылдыз, Кадыралиев Максат, Сатыбеков Аман, Кулатаев Алибек жана Сыдыкова Марита жана өткөөл базанын калган кызматкерлерине чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

adamzatka_jardam