Жаӊы жылдын алдында “Кумтɵр” компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери балдар үйүндɵ жана карылар үйүндɵ майрамдык түшкү тамак уюштурушту

Жаӊы жылдын алдында “Кумтɵр” компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери балдар үйүндɵ жана карылар үйүндɵ майрамдык түшкү тамак уюштурушту

Жарыяланган: 30 December 2015

2015-жылдын 29-декабрында “Кумтɵр Голд Компанинин” Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери ал шаарда жайгашкан балдар үйүндɵ жана карылар үйүндɵ майрамдык түшкү тамак уюштурушту.

Азыркы учурда Балыкчы шаарындагы балдар үйүндɵ 20 бала багууда турат. Ал эми Балыкчы карылар үйүндɵ кароосуз жалгыз калышкан 10 кары адам жашайт.

Жаӊы жыл алдында кумтɵрчүлɵр ал карылар менен балдардын жүрɵгүнɵ шам жагып жана оӊ маанай тартуулай алышты. “Кумтɵр” компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын жамаатына рахмат! Алар балдарга жана карыларга чыныгы майрам тартуулашты.

Акцияга Риан Герман, Джефри Джеймс, Жылдыз Раимкулова, Захар Цыганков, Максат Кадыралиев, Жаркынбек Сыртбай уулу, Каземир Екатерина жана башкалар катышты.