ЭЛЕКТР БЕРҮҮ ЧУБАЛГЫЛАРЫНЫН ТАЯНЫЧТАРЫНДАГЫ БУЛА-ОПТИКАЛЫК ЛИНИЯДА (ВОЛС) ОҢДОО-ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕРДИ ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН АЛДЫН-АЛА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАНДОО

ЭЛЕКТР БЕРҮҮ ЧУБАЛГЫЛАРЫНЫН ТАЯНЫЧТАРЫНДАГЫ БУЛА-ОПТИКАЛЫК ЛИНИЯДА (ВОЛС) ОҢДОО-ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕРДИ ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН АЛДЫН-АЛА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАНДОО

Жарыяланган: 16 September 2025

СУНУШТАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 30-сентябры, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00 чейин.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сиздерди электр берүү чубалгыларынын таянычтарындагы була-оптикалык линияда (ВОЛС) оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн алдын-ала квалификациялык тандоого катышууга чакырат.

Табыштаманы тапшыруу форматы: Квалификациялык тандоодон өтүү үчүн өтүнмө жана башка документтер өтүнмөнү жана келишим боюнча милдеттенмелерди кол коюуга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек.

Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек.

Кол коюучу адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.

Сунуштарды берүү тартиби

 

Конкурска катышуучулар конкурстун талаптарына ылайык, орус тилинде толтурулган катышууга табыштамасын жана керектүү документтердин көчүрмөлөрүн электрондук түрдө VOLS2025@kumtor.kg электрондук дарегине 2025-жылдын 30-сентябрынын, саат 14:00гө чейин жөнөтүлүшү керек.

Техникалык тапшырма тиркелет.

Катышуучу (алдын ала квалификациялык тандоодон өткөнучурда), табыштаманын баасын, иштелип чыккан сметаларды жана иштерди аткаруу үчүн башка зарыл документтерди камтыган коммерциялык сунушту берүүгө милдеттүү.

Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: Катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат;
Подряддык уюмдун акыркы 3 жылдагы окшош иштерди аткаруу тажрыйбасы. (аткарылган келишимдердин көчүрмөлөрүн, аткарылган иштердин актыларын тиркөө керек);
Электр берүү линияларында жана бийиктикте 110 кВ электр берүү линияларында иштөөгө тийиштүү уруксаты бар электр чубалгыларында була-оптикалык электр (ВОЛС) чубалгыларын монтаждоо же техникалык тейлөө тажрыйбасы бар адистердин болушу. Квалификациясы билими тууралуу документтер, сертификаттар же башка тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш.
Иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон баланста тиешелүү материалдык базанын бар экендигин тастыктоо. Тиешелүү документтерди тиркеме.
Инженердик-техникалык курам тарабынан иштерди аткарууда жеңил автоунаанын бар экендигин тастыктоо.

Тиешелүү документтер менен тастыктоо талап кылынат.

Персоналды жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо.

Тиешелүү документтер менен тастыктоо талап кылынат.

Катышууга табыштамасын берүүгө кепилдик берген декларация.
Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү;
Негизги ишмердүүлүктү аныктоочу документтин (Уставынын) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле директорлук кызматка дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү;
Мамлекеттик органдардын акыркы отчеттук датасына карата салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалымдоо.
2023-2024 финансылык отчетторунун түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү:

·      Бухгалтердик баланс;

·      Пайда жана чыгым жөнүндө отчет;

·      Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;

·      Капиталдын өзгөрүшү жөнүндө отчет;

·      Же болбосо 2023–2024-жылдар үчүн Бирдиктүү Салык Декларациясы.

Баалоо критерийлери: Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана талап кылынган документтердин толук пакетин камсыз кылган сунуш тандалып алынган деп таанылат.
«Оңдоо-профилактикалык иштери» темасы көрсөтүлгөн сунуш 2025-жылдын 30-сентябрынын саат 14:00гө чейин VOLS2025@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Буйрутмачы кайсы болбосун же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу жана бул боюнча катышуучуларга карата эч кандай милдеттенмелерди албайт.
Конкурстук сунуш расмий бланкта болушу керек.
Тандоо катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кеч берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өзүнүн сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.

Ар бир Катышуучу тандоого бир гана конкурстук сунушун бере алат.

Конкурс сунушунун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек.

Конкурс сунушунун жарактуулук мөөнөтү ичинде сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Тандоодон өткөн Катышуучу келишимге кол коюудан мурун келишимди аткарууга кепилдик берген декларацияны берүүгө милдеттүү.
Эгерде аванс төлөмү каралган болсо, жеңүүчү компания аванс төлөмүнүн көлөмүнөн кем эмес суммада аванс төлөмүн камсыздоо үчүн банктык кепилдик берүүгө милдеттүү.
Бул конкурс боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Baisal.Taalaibekov@kumtor.kg
Тандоо шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнөн 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.

 

Тиркемелер:

  1. Техникалык тапшырма.
  2. Конкурстук сунушту кепилдеген декларация.
  3. ДЕКЛАРАЦИЯ Ак ниеттүүлүк жана коррупцияга каршы жобо
  4. Конкурстук сунушту даярдоо боюнча жалпы көрсөтмө