ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 22 February 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында АЫФтын электротехникалык бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар: 

  • “Инженер-электрик”, “электрик” багыттарынын биринде жогорку билимге ээ более (ЖОЖду 2021-жылы бүтүрүү);
  • Адистик боюнча иш тажрыйбасы/практикасы бар болуусу артыкчылыкка ээ болот;
  • Электр монтердун куралдары жана өлчөө аспаптардын куралдары менен иштей билүү;
  • Электротехника негиздерин билүү;
  • Электр схемалары жөнүндө базалык билими;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер: 

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Өндүрүштүк тапшырмалардын өз убагында, толук жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо;
  • Ар кандай электр жабдууларын, ишке киргизүү жана жөнгө салуу системалары менен таанышуу жана окутуу;
  • Бригаданын составында иштөө, кендеги электр жабдууларын пландык профилактикалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүү;

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү-2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.