Жарыяланган: 11 June 2026
Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер Кумтөр кен жайынын иши менен таанышты.
Таанышуу сапарынын алкагында дипломат Борбордук карьерге барып, жыл бою күнү-түнү үзгүлтүксүз иштеген Кумтөр кен жайынын негизги өндүрүштүк объектилеринин иши менен таанышты. Ал оор тоо-кен техникаларын оңдоочу устаканага жана алтын ылгоочу фабрикага барды.
Иш сапардын жыйынтыгында Николас Боулер Кумтөрдө өндүрүштүк процесстер жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, ишкананын туруктуу иштеп жатканын жана келечектүү өнүктүрүү долбоорлору бар экенин билдирди.