«Кумтөр Голд Компани» Барскоон капчыгайындагы технологиялык трассада чаң басуу чараларын көрүүдө

«Кумтөр Голд Компани» Барскоон капчыгайындагы технологиялык трассада чаң басуу чараларын көрүүдө

Жарыяланган: 04 April 2018

2018-жылдын 31-мартында Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз районундагы Барскоон капчыгайында «Кумтөр» кенине барчу технологиялык трассанын 15-чакырымында 750 түп кайың менен талдын көчөттөрү отургузулду. Бак тигүү АМЕКтин сунуштарын аткарууга кирет жана технологиялык жолдогу чаң басуу боюнча чаралардын бири.
Компания көчөт, кара топурак, шаймандар жана малдан коргоочу кашаа сатып алууга менен даярдап, жеткирүүгө 210 000 сом бөлдү. Кашааны айыл тургундары «Кумтөр» кендеги кайра иштетүүгө жарактуу жыгач таштандылардан жасашты.

Компаниянын 30 дан ашуу кызматкери «Кумтөрдүн Элчилери» акциясында катышышты. Кызматкерлер Ысык-Көл облусунун ар тарабынан жана борбор калаадан нөөмөт аралык эс алуу жана дем алыш учурунда убакытын арнап, келишти.

«Кумтөр» кызматкерлеринен тышкары көчөт отургузууга 40 жергиликтүү жашоочу, анын ичинде Жети-Өгүз районунун акими, Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы, райондук токой-чарбасынын өкүлдөрү, жергиликтүү жаштар ассоциациясы , аялдар кеңешинин мүчөлөру жана айылдык кеңештин депутаттары катышты. Ошондой эле, жергиликтүү «Жолчу» мекемеси да иш чарага катышып, айыл тургундары бак тиккен адамдарга түшкү тамак даярдап, жардамын кошту.

«Кумтөр Голд Компанинин» айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн директору Бен Феррис айткандай: «Көз карандыcыз эл аралык аудитор АМЕК компаниясынын сунуштарын аткаруу алкагында, технологиялык трассадагы чаңдоонун денгээлин басуу үчүң аткарылган иш. Биз аракетибизди жергиликтүү тургундар менен бириктирүүнү чечтик. Барскоондуктар өз эмгегин кошту, «Кумтөр» компаниясы көчөттөр менен шаймандарды сатып келди. Биз, бир аймакта жашайбыз жана иштейбиз, алаканы бекемдөө жана биздин биргелешкен келечегибиз үчүн бул маанилүү жана керектүү иш-чара”. Ошондой эле ал талдын жана кайыңдын көчөттөрү «Кумтөр» компаниясы менен көп жылдык жемиштүү кызматташуу байланыштырган, Кыргыз Респуликасынын Улуттук илимдер академиясынын абройлуу окумуштуусу Георгий Лазьковдун сунушу боюна тандалганын кошумчалады. 2013-жылдан бери Барскоон капчыгайында биологиялык илимдин доктору Г.Лазьков изилдеп келип, бактардын ушул түрү жашап кетет деген чечимге келген.
Өз кезегинде Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Эшмамбетов жергиликтүү тургундар менен кумтөрчүлөрдүн бак тигүү боюнча биргелешкен акциясыулантылат деген үмүтүн билгизди: «Биздин айылда 9 миң адам турат, жана акция жөнүндө уккандардын: аксакалдар, жаштар, аялдар кеңешинин мүчөлөрү, баардыгы энтузиазм менен жардамга келгени кубандырат. Кайдыгер эмес адамдар бар болгон үчүн, мен Кыргызстандын келечегине ишенем. Жалпы аракет менен гана туруктуу өнүгүү мүмкүн».
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар «Кумтөр» компаниясына долбоорду ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, көчөттөрдү сугаруу, кам көрүү жана аларды бодо малдан коргоо менен анын туруктуулугун камсыз кылуу милдетин өз мойнуна алышты.
«Кумтөр Голд Компани» АМЕКтин сунуштарын аткарууда, технологиялык жолдун боюна жашыл тилке отургузуу иштерин улантууну көздөйт.