“Кыргызстандагы илим жана билимдин өнүгүшү: перспективалар” форуму

“Кыргызстандагы илим жана билимдин өнүгүшү: перспективалар” форуму

Жарыяланган: 15 October 2021

2021-жылдын 19-октябрынан 20-октябрына чейин Бишкек шаарында “Кыргызстандагы илим жана билимдин өнүгүшү: перспективалар” аталышындагы форум өтөт.

Форумдун негизги темасы – Кыргызстандагы билим берүү системасын комплекстүү жаңыртууну талкуулоо. Иш-чара илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү адистерди, бизнес өкүлдөрүн жана активдүү жарандарды бириктире турган аянтка айлантууга багытталган.

Форумдун алкагында төмөндөгү маселелер талкууга алынат:

  1. Илим жана билим берүү тармагындагы приоритеттүү демилгелер менен инновацияларды аныктоо.
  2. Кадрларды даярдоодо ийгиликтүү тажрыйбаларды колдонуу.
  3. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын Кыргыз Республикасындагы илим жана билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү перспективалары.

Форумда 20дан ашык чет элдик жана кыргызстандык спикерлер сөз сүйлөйт.

Алардын арасында: Улан Дакеев – Сэм Хьюстон университетинин профессору; Маниш Вахи –  “Budbeed Learning LLC” компаниясынын негиздөөчүсү; Рысбек Алимов – Йоханнес Гуттенберг университетинин илимий кызматкери ж.б.

Форум «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын демилгеси жана колдоосу астында өткөрүлүүдө.

Иш-чара Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 21 дарегиндеги “Орион” мейманканасында өтөт.

Форумдун башталышы 9:00.

Байланышуу үчүн: Диас Умбеталиев, тел. 0505 445 593, dias.umbetaliev@kumtor.kg