Кумтөрдөн атайын техникалар Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна берилди

Кумтөрдөн атайын техникалар Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна берилди

Жарыяланган: 02 April 2022

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна эки жаңы ассенизатордук машиналарды тапшырды. Атайын техника саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелерин тейлейт. Машиналардын спецификациясы райондордун мамлекеттик администрациялары менен тандалды жана макулдашылды.

Атайын техникалардын жалпы наркы 10 миллион 300 миң сомду түзөт. Бул  техникаларды чыгарган россиялык “КамАЗ” өндүрүштүк бирикмесинин продукциясынын жана заводдун техникаларын сатуу укугуна ээ болгон расмий дилери аталган унаалардын жеткирип берүүчүсү болгон.

Биринчи унааны тапшыруу аземи жакында эле Жети-Өгүз районунда өттү. Атайын техника “Иштерман” муниципалдык ишканасынын балансында болот. Экинчи машина жакынкы аралыкта Тоң районуна тапшырылат.

“Кумтөрдүн жетекчилигине жана Теңгиз Бөлтүрүккө райондун муктаждыктары боюнча кайрылууга жооп бергени үчүн ыраазычылк билдиребиз. Коронавирус пандемиясына байланыштуу саламаттыкты сактоо уюмдарынын иши ашыкча жүктөлгөн жана бүгүнкү күндө экологиялык жактан таза жана коопсуз таштандыларды тазалоо жана утилизациялоо үчүн ушундай жабдууларга муктажбыз”, – деди Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Мураталы Тагаев.