БУРГУЛОО ОРНОТМОСУНУН МАШИНИСТИНИН ЖАРДАМЧЫСЫ

БУРГУЛОО ОРНОТМОСУНУН МАШИНИСТИНИН ЖАРДАМЧЫСЫ

Жарыяланган: 01 August 2022

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Бургулоо орнотмосунун машинистинин жардамчысы

Билдирүүнүн номери: KGC-22-212 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Түздөн-түз жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу;
  • Бургулоо орнотмосунун машинистине скважиналарды бургулоого жардам берүү;
  • Бургулоо жабдууларын монтаждоо, демонтаждоо, жылдыруу, ишке даярдоо, орнотуу жана жөндөө иштерин аткарууга көмөктөшүү.

 МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР: 

  • Бургулоо жабдууларынын машинистинин күбөлүгү болуу;
  • Бул кызматта 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуу;
  • Бургулоочу жана күч жабдуулардын максатын, түзүлүшүн, монтаждоо/демонтаждоо жана эксплуатациялоо эрежелерин, алардын мүнөздөмөлөрүн билүү;
  • Кадимки жана татаал шарттарда керн үлгүлөрүн алып жана албастан скважиналарды кеңейтүүнүн технологиялык режимдерин, эрежелерин жана ыкмаларын билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 12-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-212

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.