«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19 менен күрөшүү боюнча атайын эсебине экинчи транш которушту

«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19 менен күрөшүү боюнча атайын эсебине экинчи транш которушту

Жарыяланган: 02 June 2020

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК кызматкерлери ыктыярдуу чогулткан 52 миң суммасындагы акча каражаты коронавирустук инфекция менен күрөшүү иш-чараларын аткарууга КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын КР Саламаттык сактоо министрлиги үчүн COVID19 менен күрөшүү боюнча эсебине которулду.

Бул «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлеринин кайрымдуулукка берген экинчи траншы. 2020-жылдын апрель айында «Кумтор Голд Компани» ЖАК кызматкерлеринин арасында коронавирустук инфекция менен баатырларча күрөшүп жаткан республиканын медициналык кызматкерлерине ыктыярдуу кайрымдуулук жардамын чогултуу өнөктүгү жарыяланган. Жыйынтыгында 250 миң сом чогулуп, КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын КР Саламаттык сактоо министрлиги үчүн COVID19 менен күрөшүү боюнча эсебине которулган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасындагы коронавирустук инфекция менен күрөшүүгө жарандар чогултуп, тапшырган кайрымдуулук жыйымдарды эки сайттан текшерип көрсө болот:

https://help.covid.kg.
https://www.minfin.kg.
«Кумтөр Голд Компани» өзү болсо 100 000 АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам бөлүп, ал Ысык-Көл облусунун аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) алдын алууга жана андан ары жайылышына жол бербөөгө багытталган иш-чараларга тартылган тиешелүү структураларды жана облус калкын керектүү медициналык каражаттар менен камсыздоого багытталган.

Андан тышкары, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду Ысык-Көл облусунда коронавирустук инфекциянын алдын алууга жана андан ары жайылышына жол бербөөгө 12 миллион сом бөлүп берген. Аталган Фонд «Кумтор Голд Компани» компаниясынын жылдык дүң кирешесинин 1% өлчөмүндөгү чегерүүлөрүнөн түзүлөт.