ДИАТОМИТ ЧЫПКАЛООЧУ ПОРОШОКТУ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

ДИАТОМИТ ЧЫПКАЛООЧУ ПОРОШОКТУ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 16 June 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 23-июну, саат 17:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Cиздерди диатомит чыпкалоочу порошокту жеткирүү боюнча баа сунуштарын тапшырууга чакырат.

Товарлардын тизмеси: №1 Лот

1.      ДИАТОМИТ ЧЫПКАЛООЧУ ПОРОШОК, ФЛЮС МЕНЕН КЫЗЫТЫЛГАН, 20-25КГ/КАП- 40 кап

(Техникалык тапшырма тиркелген)

Тапшыруу форматы: Катышуу үчүн табыштамага жана башка иш-кагаздарына арыздарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек. Иш-кагаздарга кол коюлуп, PDF форматында тапшырылышы керек.
Сунуштарды тапшыруу тартиби Эгерде тандоо катышуучулары “Кумтөр Голд Компани” ЖАКка буга чейин товар жеткирген эмес болсо, алар төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

1)            Квалификация и аккредитациядан өтүү. Иш-кагаздарга  шилтеме: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/

2)            Сынактын талаптарына ылайык катышуу үчүн табыштаманы орус тилинде даярдап, иш-кагаздардын керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды 2026-жылдын 23-июнунда, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө чейин Celite@kumtor.kg электрондук дарегине электрондук түрдө жөнөтүү керек.

Катышуу үчүн табыштамада төмөнкү иш-кагаздары камтылышы керек: Жеткирүүчүнү тандоо процессине катышуу үчүн берилген коммерциялык сунуш төмөнкү иш-кагаздарды камтышы керек:

· Товардын аталышы;

· Техникалык сүрөттөмө (сүрөтү менен);

· Бардык салыктарды жана Буйрутмачынын кампасына жеткирүүнү камтыган баасы;

· Жеткирүү мөөнөтү;

· Төлөм шарттары;

· Коммерциялык сунуш берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн жарактуу болушу керек.

· Милдеттүү түрдө: сунушталган товар үчүн сертификатты көрсөтүү.

Баалоо критерийлери: Техникалык тапшырмадагы товардын техникалык сүрөттөмөсүнө жана эң төмөнкү баага туура келген коммерциялык сунушту берген сунуш жеңүүчү болуп таанылат.
«Celite@kumtor.kg» темасын камтыган сунуш  Celite@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 23-июнунда саат 17:00 чейин жөнөтүлүшү керек.
Буйрутмачы тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенмелерди албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта каалаган же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу.
Коммерциялык сунуш расмий бланкта болушу керек.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кийин Катышуучулар тарабынан берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Сунуштарын берүү менен, Катышуучулар Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болушат.

Ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.

Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Сынактык сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул тандоо боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек: adina.azykova@kumtor.kg.
Тандоо шарттарын тактоо өтүнүчтөрү сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 2 календардык күн калганга чейин жөнөтүлүшү керек.

 

Тиркемелер:

  1. Техникалык тапшырма