БАШКЫ БУХГАЛТЕРДИН ОРУН БАСАРЫ

БАШКЫ БУХГАЛТЕРДИН ОРУН БАСАРЫ

Жарыяланган: 24 November 2022

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Башкы бухгалтердин орун басары

Билдирүүнүн номери: KGC-22-270

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Кыргыз Республикасынын эмгек жана салык мыйзамдарына жана ички саясаттарга ылайык эмгек акыны, төлөмдөрдү, ошондой эле тиешелүү салыктык чегерүүлөрдү сапаттуу жана өз убагында жүргүзүлүүсүн камсыз кылууну контролдоо;
  • Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына, Компаниянын эсеп саясатына, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына, Кумтөр долбоору боюнча эл аралык келишимдер жана жергиликтүү ченемдик укуктук актылары менен бекитилген атайын салык режиминин статусуна ылайык бухгалтердик жана салыктык эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын контролдоо;
  • Маалыматты толуктоо жана мамлекеттик органдарга, башкаруу органдарына өз убагында берүү;
  • Эмгек акы төлөө боюнча персонал менен эсептешүү процессин документтештирүү системасын уюштурууну, контролдоону жана мыктылоону камсыз кылуу;
  • Салык жана социалдык камсыздандыруу мыйзамдарындагы өзгөрүүлөрдү кароо жана тобокелдиктерди баалоо;
  • Ай сайын төлөнүүчү компенсациялардын (ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу) эсептөөлөрүн жана Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктарды жана башка төлөмдөрдү чегерүү боюнча ички буйруктарды текшерүү жана кол коюу, келишимдерди, бөлүмдөрдүн финансылык жана салык боюнча маселелерин кароо;
  • Даяр буюмдарды жеткирүүнү уюштурууну, көзөмөлдөө жана жооптуу болуу, жеткирип берүүлөр боюнча бардык документтер менен эсептешүүлөрдү көзөмөлдөө, жана башка байланыштуу документтерди текшерүү;
  • Акча агымдарына мониторинг жүргүзүү, талдоо жана болжолдоо үчүн сатуудан түшкөн акча каражаттарынын жана Компаниянын административдик чыгымдарга жана өндүрүштүк ишмердүүлүгүнө сарпталган акча каражаттар агымдары боюнча бириктирилген маалымат;
  • Компаниянын келишимдерине, макулдашууларына жана башка ченемдик документтерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу, киргизүү.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Жогорку экономикалык билим берүү;
  • Финансы-экономикалык чөйрөдө жетекчи кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • Бухгалтердик эсеп, салык мыйзамдары, статистикалык эсеп, архивдик иш, социалдык жана медициналык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы мыйзамдарды, ошондой эле жарандык, бажы, эмгек мыйзамдарын, тоо-кен тармагындагы мыйзамдарды билүү;
  • Бухгалтердик эсеп жана эмгек укугу маселелери боюнча сот практикасы;
  • Аудит жана салык текшерүүлөрүндө иш тажрыйбасы;
  • Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын билүү (CAP/CIPA/ACCA);
  • Бухгалтердик эсепке алуунун ыкмаларын аныктоо (иштеп чыгуу) жана ишкананын эсеп саясатын түзүү жөндөмдүүлүгү;
  • Автоматташтырылган маалымат иштетүүнүн заманбап технологияларын жана эсептик программаларды (жергиликтүү жана/же эл аралык) билүү жана колдонуу;
  • Экономикалык кылмыштар боюнча сот иштери жок.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 8-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-270.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.