Кумтөрдүн адистери кендин борту тыкыр көзөмөлдө экенин билдиришти

Кумтөрдүн адистери кендин борту тыкыр көзөмөлдө экенин билдиришти

Жарыяланган: 23 June 2022

Ушул жылдын май айынын соңунда “Кумтөр” кенинин “Борбордук” тилкесинин Чыгыш жана Түндүк-чыгыш бортундагы кыймылдын ылдамдыгынын жогорулоо себебин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Ошондой эле кырдаалга баа берүү үчүн жергиликтүү жана эл аралык эксперттер тартылган.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын адистери учурдагы абал боюнча маалымат беришти. Инженердин орун басары Руслан Маматкуловдун сөзүнө караганда карьерде үзгүлтүксүз көзөмөл жүрүүдө, ал эми геологдор кичинекей бир таш куласа да байкап турушат, андыктан корко турган эч нерсе жок.

“Биздин операторлор бизге ишенишет, биз аларды карап турабыз. Сутканын 24 сааты бою алардын коопсуздугун камсыздап жатабыз. Мындай деңгээлдеги коопсуздукту дүйнөдөгү ишканалардын баары эле сунуштай алышпайт болуш керек. Биз көзөмөлдү кош система: радарлар жана спутниктер менен жүргүзөбүз”, – деп белгиледи  Маматкулов.

Инженердик бөлүмдүн улук геотехниги Азат Жумабаев деформация аймагында үч георадар орнотулганын, алар аркылуу баардык кыймылдар боюнча маалыматтар эки мүнөт сайын жаңырып, тынымсыз түшүп тураарын кошумчалады. Радарлар 13-майда орнотулуп, кырдаалга мониторинг жасалып жатат.

“Буга чейин жаан-чачынга байланыштуу анча чоң эмес чоңоюу болгон, бирок өзүңүздөр көрүп тургандай учурда деформация тилкеси азайып бара жатат. Биз кайсы жер керек болсо ошол аймакты деталдуу түрдө көрө алабыз. Кайсы жер кооптуу болуп турса, контурга алабыз да, маалымат топтойбуз. Мындан сырткары карьердин ичинде мониторинг точкалары бар, алардын саны 3000ге чукул. Алар аркылуу жер кайсы тарапка жылып жатканын мониторинг кылабыз”, – деп түшүндүрдү геотехник.

Жумабаев массивде кичинекей эле кыймыл болсо, ал инженердик бөлүмдүн адистерине көрүнө турганын кошумчалады.

Ошондой эле кенге көз карандысыз адистер да чакырылган, алардын арасында

Кыргыз жер казынасын пайдалануу боюнча эксперттер коомунун президенти Ишимбай Чунуев бар.  Анын айтымында Кумтөрдүн инженердик бөлүмүнүн кызматкерлери карьердин түндүк-чыгыш бортунда деформациянын ылдамдыгы жогорулаганын аныктап, ошол замат тыкыр көзөмөлгө алышкан, кырдаалды көзөмөлдөп, кооптуулук жаралаары менен жабдыктарды жана техниканы башка тилкеге алып чыгып, аталган жумушчу аймагына кирүүгө тыюу салышкан.

“Мен жабдыктарды натыйжалуу колдонуу боюнча маалыматтарды талдап чыктым. Инженердик бөлүмдүн май айындагы күнүмдүк, жумалык жана айлык отчеттеру жалпы кенде техниканын токтоп калбаганын көрсөттү. Кар калың түшүп, туман каптаганда гана бираз токтогон. Мен бул кырдаалды адаттагы табигый көрүнүш катары классификациялайм”, – деп билдирди Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку жетекчиси.

Ал Кумтөрдүн бортундагы эңкейиш болгону 29 градус экенин, ал эми адаттагы эңкейиш бурчу 34-36 градуска жетерин кошумчалады. Башкача айтканда Кумтөрдүн бортундагы эңкейиш табигый эңкейиш бурчунан да аз болгон.

“Ошондой эле мен 2020, 2021, 2022-жылдардагы жаан-чачын боюнча маалыматтар менен таанышсам  быйыл апрель-май айларында жаан-чачын эки эсе көп жааган экен. Албетте жер аябай нымдуу болуп калган”, – деп белгиледи Чунуев.

Берилген маалыматтарды талдоо менен Ишимбай Чунуев түзүлгөн кырдаал адаттагы жумушчу процесси деген тыянак чыгарган.