ИНЖЕНЕР-СМЕТЧИК

ИНЖЕНЕР-СМЕТЧИК

Жарыяланган: 16 May 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК 

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Инженер-сметчик (Кумтөр кени)

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0345 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Пландаштырылган жана аткарылган курулуш-монтаждык иштер боюнча баштапкы эсеп документациясын түзүү;
  • Түзүлгөн жана макулдашылган баштапкы долбоордук-сметалык документация боюнча каржылоого өтүнмөлөрдү (заявкаларды) даярдоо;
  • Аткарылган курулуш-монтаждык иштерин эсепке алууну мыктылоо/жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • Курулуш-монтаждык иштерди аткарууда колдонулган материалдык-техникалык ресурстардын наркын аныктоо;
  • Эмгек рыногунда сунуштарды чогултуу жана талдоо;
  • Материалдык-техникалык ресурстарын жана субподряд иштерин жеткирип берүүчүлөрүн тандоо боюнча материалдык-техникалык негиздемеси;
  • Материалдык-техникалык ресурстарды камсыздоо жана субподряд келишимдерин аткаруу боюнча келишим долбоорлорунун экономикалык бөлүгү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • Колдонулган материалдык-техникалык ресурстардын чыгымдарын эске алуу менен иш наркынын калькуляциясын түзүү;
  • Кошумча курулуш-монтаждык иштердин зарылдыгын жана алардын төлөм мүмкүнчүлүгү жөнүндө келишимдин шарттарын талдоо;
  • Каражат сарптоолорун көзөмөлдөө.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Курулуш тармагындагы жогорку билим;
  • Адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы болуу;
  • Тиешелүү сертификаттардын болуусу;
  • Өндүрүш технологиясын жана курулуш-монтаждык иштердин ыкмаларын билүү;
  • СНиП, ГОСТ, эмгекти коргоо жана коопсуздук техника ченемдерин, ошондой эле AutoCAD/Archicad программаларын билүү. MS Project, MS Office, сметалык документацияны даярдоо;
  • Чиймелерди окуу жөндөмдөрү;
  • Жогорку деңгээлде ишке жарамдуулук, энергиялуулук, чыдамкайлык, тырышчаактык, чечкиндүүлүк, максатка умтулгандык, так болуу, стресске туруктуулук жана коммуникабелдүүлүк;
  • Көйгөйлөрдү чечүүнүн приоритеттерин жана ырааттуулугун аныктоого жөндөмдүү болуу.
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;

Анкета жана резюмени 2022-жыл 31-май саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0345.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ. 

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.