Консультациялык кызматтар

Консультациялык кызматтар

Жарыяланган: 13 October 2016

ТЕНДЕР ЖАБЫК

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК), мекемелерди же компетенттүү адистерди «Ишканада жасалган аспаптардын, таранын жана технологиялык жабдыктардын долбоорун даярдоо, аларды өндүрүү жана колдонуу тартиби» боюнча ишкана стандартынын проектисин иштеп чыгуу боюнча консультациялык кызматтарды сунуштоо конкурсуна катышууга чакырат.

Ишканаларга жана адистерге коюлган талаптар:

1. Ишкана стандартын иштеп чыгууда компетенттүүлүктү тастыктаган документтерге ээ болуу (көчүрмөсүн тиркеӊиз).
2. Ишкана стандартын иштеп чыгууда тажрыйбага ээ болуу (тиркемеге резюме/профайл, башка ишканалар үчүн иштеп чыккан стандарттарыӊызды, ж.б. кошо камтыӊыз).
3. Тиешелүү проекттик иштерди аткаруу үчүн материалдык жана техникалык мүмкүнчүлүктөргө, билимге жана тажрыйбага ээ болуу.

Квалификациялык тандоодон өткөн ишканаларга/адистерге техникалык тапшырма берилет.

Бардык суроолор боюнча, kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыз болот.

Бардык сунуштар, оозу чапталган жана сыртында “Ишкана Стандартынын проектиси” деп жазылган конверттин ичинде, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, “Учкун” АКнун имараты, 10 каб., дарегине, 2016ж. 21 октябрь, саат 17:00 чейин тапшырылуусу зарыл.

КГК ишканасы, ар-кайсы билдирмени бүтүндөй же жарым-жартылай кабыл алуу же албоо укугун сактайт.