«Кумтөр» бардык кызыккан уюмдарды кен казуу жайындагы инфраструктураны жаңыртуу долбоор документтерин иштеп чыгуу боюнча алдын ала тандоого катышууга чакырат

«Кумтөр» бардык кызыккан уюмдарды кен казуу жайындагы инфраструктураны жаңыртуу долбоор документтерин иштеп чыгуу боюнча алдын ала тандоого катышууга чакырат

Жарыяланган: 25 April 2014


«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу (КГК) бардык кызыккан уюмдарды Кумтөр кен казуу жайындагы инфраструктураны жаңыртуу долбоорунун бир бөлүгүн түзгөн Кумтөр кен казуу жайында жайгаштырыла турган объектилердин долбоор документтерин иштеп чыгуу боюнча алдын ала тандоого катышууга чакырат.

Катышуучулар үчүн жалпы талаптар:


Бардык талапкерлер тандоо процедурасына өз каражаттарын колдонуп катышат жана ушул процедуранын шарртарына макул болушат. Талапкерлердин чыгымдарын төлөп берүү боюнча талаптар кабыл алынбайт. Бардык талапкерлер Кумтөрдүн интернет баракчасында жайгаштырылган алдын ала тандоо шарттарына ылайык толук документтерди камсыздап бериши керек. Талаптарды камтыган документти Дэниел Бенедеттиден дагы алса болот. Талап кылынган документтердин бардыгын же кошумча катары талап кылынган документтерди тапшырбаган талапкерлер тендерге катышуудан четтелиши мүмкүн.
Бардык талапкерлер заявкаларын А-4 форматындагы жабык конверттерде 2014-ж. 5-майына чейин «Тандоо комиссиясынын төрагасына» деген жазуу менен Бишкек ш., Ибраимов көч. 24, «Учкун» АКнун имаратынын 14 кабатында тапшырышы керек. Белгиленген мөөнөттөн кийин тапшырылган заявкалар кабыл алынбайт.

Жумуштардын жалпы баяндамасы жана болжол көлөмдөрү

Долбоорлоо жумуштары (кичи долбоорлор):
жарандык курулуш жумуштары;
жылытуу жана вентиляция;
электрикалык жана техникалык бөлүктөр.

Долбоорлонгон объектилер

Техникалык тейлөө жайы жана оор техниканы оңдоо жайын көчүрүү;
Экскаваторлорду оңдоочу жай;
Суу тазалоо жайы;
Жардыруучу эмульсия даярдоочу жай;
Күйүүчү жана майлоочу материалдарды сактоо жайы.

Долбоорлоо жумуштарына коюлган талаптар

Курулуш жумуштарын жүргүзүүгө уруксааттардын бар болуусу жана мамлекеттик органдар менен жумуштарды координациялоо
Кылдаттуу долбоорду даярдоо жана автордук көзөмөлдөө
Объектилерди кабыл алуу жана ишке киргизүү документтерин даярдоо

Долбоордун мөөнөтү: 2014-ж. май айынан 2015-ж. декабрь айына чейин.

Бардык кызыккан уюмдар жогоруда белгиленген жумуштардын каалаганына катышууга заявка бере алышат.

Бардык талапкерлер мекеменин интернет-баракчасында жайгаштырылган алдын ала тендердик маалымат формасын толтуруусу зарыл.

Тапшырылган заявкалардын бардыгы Кумтөр компаниясы тарабынан каралат, жана алдын ала тандоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлерге маалымат берилип, алар негизги тандоого катышууга чакырылат.

КГК келип түшкөн ар кайсы заявканы толугу же бөлүгү менен кабыл алууга же албоого укугун сактайт. КГК талапкерлер менен келишим түзүүгө же иш мамиле жүргүзгөнгө мажбур эмес экендигин өзгөчө белгилейбиз.

Боло турган сүйлөшүүлөргө эң мыкты жана конкуренттүү талапкерлер гана чакырылат.

Болгон суроолорго жоопторду жана түшүндүрүүлөрдү алуу үчүн талапкерлерди Kumtor_projects@kumtor.com электрондук почтасына кайрылууга чакырабыз.