Кыргызстанда «Кумтор Голд Компанинин» колдоосу менен «Азиянын жаратылышын сактоо – 2018» конфренциясы болуп ɵттү

Кыргызстанда «Кумтор Голд Компанинин» колдоосу менен «Азиянын жаратылышын сактоо – 2018» конфренциясы болуп ɵттү

Жарыяланган: 15 August 2018

2018-жылдын 6-10-августунда Бишкекте Биоартүрдүүлүктү сактоо коомунун азиялык секциясы жана Борбор Азиядагы Америка университети уюштурган эл аралык конференция болуп ɵттү.
Конференцияга дүйнɵнүн кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵрүнɵн 200дɵн ашуун адам, анын ичинде окумуштуу экологдор жана жаш изилдɵɵчүлɵр катышышты.

Конференция «Ɵзгɵрүп жаткан Азияда биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча ишмердүүлүктү актуалдаштыруу» темасында болду. Конференция колдонмо математиканы пайдалануу менен биоартүрдүүлүктү сактоо жана генетика менен технологиялык инновацияларды колдонуу сыяктуу илимий проблемалардын кеңири чɵйрɵсүн камтыды.
Конференциянын алкагында үч пленардык баяндама окулуп, симпозиумдар, семинарлар, плакаттардын бет ачары, ошондой эле кɵргɵзмɵ болду, анда Азияда биоартүрдүүлүктү сактоонун теориясы жана тажрыйбасы тармагында иштеген уюмдардын ишмердүүлүк натыйжалары сунушталды.
«Кумтɵр» компаниясы конференциянга демɵɵрчү болду жана кен ишканада жүзөгө ашырылып жаткан иш-чаралардын мисалында жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүндɵ тажрыйба алмашуу максатында пленардык отурумдарды уюштурду.

«Кумтɵр Голд Компанинин» экологдор тобу биоар түрдүүлүктүн мониторингин, кен ишканасынын ɵзүндɵ да, жакын жайгашкан территориялардагы да аркарлардын таралышына байкоону чагылдыруучу бет ачарларды ɵткɵрдү, ошондой эле Кумтɵрдɵ кен ишканасы жабылгандан кийин илимий-изилдɵɵ станциясын түзүү долбоорун сунуштады. Кумтɵр кен ишканасынын территориясына чектешкен Сарычат-Ээрташ коругунда Кызыл китепке кирген канаттууларды жана сүт эмүүчүлɵрдү кошо алганда, жапайы жаныбарлардын кɵптɵгɵн түрлɵрү жашашат жана бир катар жапайы жаныбарлар кошуна жайгашкан кен ишканасынын территориясына кирип келишет. Экологиялык ишмердүүлүгү алкагында КГК флора жана фаунага мониторинг жүргүзүүнү, атап айтканда, ɵндүрүштүк ишмердүүлүктүн курчап турган чɵйрɵгɵ таасирине кɵз салууну маанилүү маселе деп эсептейт.

Аны эксплуатациялоодон чыгаргандан кийин Кумтɵр кен ишканасынын ордунда илимий-изилдɵɵ борборун уюштуруу – биоартүрдүүлүктү сактоо тармагында жергиликтүү жана регионалдык жаратылышты коргоо жана илимий-изилдɵɵ ишмердүүлүгүн кеңейтүүгɵ багытталган натыйжалуу стратегиянын бир бɵлүгү. Анын негизинде эки он жылдыктын аралыгында тоо-кен иштери жүргүзүлгɵн жакшы уюштурулган инфраструктурага, ошондой эле экологиялык жана жаратылыштык ресурстарга бай уникалдуу бийик тоолуу жерде жайгашуу менен КГКнын лагери бүтүндɵй Борбор Азия регионуна эң маанилүү илимий-изилдɵɵ жана жаратылышты сактоо борборуна айланууга жана Кыргызстан элинин баа жеткис байлыгы болуп калууга кеңири мүмкүндүккɵ ээ.