КР финансы министринин билдирүүсүнө комментарий

КР финансы министринин билдирүүсүнө комментарий

Жарыяланган: 16 December 2021

Биз Финансы министрлигинин кызматкерлери өзүнүн жетекчисине толук маалымат бербегенине абдан таң калып жатабыз. Алмаз Бакетаев алтынды сатуудан түшкөн акчанын 13 пайызын түзгөн дүң киреше салыгы боюнча гана айтты, ал эми буга чейин Кыргыз Республикасынын бюджетине которулган бардык калган салыктардын түрлөрү тууралуу маалымат берген жок.

Ал эми Финансы министрлигинин айткандарын чечмелей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11 ай ичинде дүң киреше салыгынын көлөмү 6 миллиард 998 миллион сомду түзгөнүн тастыктайбыз, бул болсо план боюнча каралган 6 миллиард 916 миллион сомдон бир аз көбүрөөк. Салыктын ушул түрү боюнча эле планды ашык аткарганыбыз айкын болуп турат.  Социалдык камсыздоо чегерүүлөрдү чогуу алып, бардык салык төлөмдөрүн кошкондо жалпысынан 11 ай ичинде 11 миллиард 714 миллион сом төгүлгөн. Ал эми план боюнча ушул эле мезгилге каралган сумма 8 миллиардов 2 миллион сомду түзгөн болчу.

Кумтөрдү планды аткарган жок деп айыптоого шашкандарга, табалагандарга жана Компаниянын атынан пиар жасоого аракет көргөндөргө жылдын жыйынтыгы боюнча планды 1,5 эсе аткаруу жана жалпысынан 13 миллиард сомдон ашык салык төгүү пландалууда экенин билдиребиз.

Жылдын жыйынтыктары боюнча толук отчетту Компания келе жаткан жылдын башында жарыялайт, андан баардык каалоочулар тынчын алган суроолорго жооп ала алышат. “Кумтөр Голд Компани” Кыргызстандын элине ыраазычылык билдирет, элибиз кээ бир саясатчылардан, депутаттардан жана кызыкдар жарандардан айырмаланып, кенди өлкөгө кайтаруу таламын түшүнүү менен кабыл алып, колдоо жана патриотизм көрсөттү. Кыргызстандын эң негизги байлыгы – бул эли!