Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында ӨКМ машыгуулары өттү

Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында ӨКМ машыгуулары өттү

Жарыяланган: 25 July 2014

Кечээ Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында жер титирөөдөн улам өзгөчө кырдаалдар коркунучуна жана өзгөчө кырдаал келип чыккан учурга карата жарандык коргонууну башкаруу органдарынын командалык-штабдык окуулары болуп өттү.

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин окууларына тез жардам, өрт өчүрүү, милиция, санэпидкөзөмөл кызматтарынан, райондун электрстанциясынын кызматкерлеринен 480дей адам, ошондой эле «Кумтөр» ишканасынын куткаруу командасы катышты.

Уюштуруучулар сунуштаган сценарий боюнча, катышуучулар жер титирөө учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон: өрттөнүү, күйүүчү газ менен уулануу, ЖТК, электр берүү линияларынын үзүлүшү ж.б. өзгөчө кырдаалдардан чыгуу боюнча кесипкөй көндүмдөрүн көрсөтүштү. Командалар табигый кырсыктарга туш болгон райондордон 400дөн ашуун качкындарды кабыл алууга даярдыгын көрсөтүштү: радиациялык булганууну текшеришти, катташты, медициналык кароо жүргүзүштү жана зарыл жардамдарды көрсөтүштү, андан кийин адамдарды лагерге жайгаштырышты.

Жер титирөөнүн кесепеттерин болтурбоого катышкан бардык кызматтар өз милдеттерин аткара алышты. Машыгуулар райондун ар кандай кызматтары менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда өз ара аракеттенүүдөгү кемчиликтерди аныктоого жана жакшыртууга пландарды белгилөөгө, ошондой эле ӨКМге жарандык коргонууга багытталган иш чараларды башкаруу деңгээлин баалоого мүмкүндүк берди. Мындай окуулар райондук деңгээлде үч жылда бир жолу өткөрүлөт.