Жарыяланган: 17 September 2026
ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 25-сентябры, саат 12:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди чарбалык жана курулуш товарларын жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо аркылуу жеткирүүчүлөрдү тандоо процессине катышууга чакырат.
Берүү форматы:
Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында берилүүгө тийиш жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.
Сунуштарды берүү тартиби
Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш:
Акча бирдиги.
Жеткирүү жери
DDP (DAP), «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери
Сыпаттамага ылайык келген жана эң төмөнкү бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат.
«Суроо-талап № R29374 (чарбалык жана курулуш товарлар)» деген теманы көрсөтүү менен сунуштарды [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 25-сентябрында саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл.
Буйрутма берүүчү кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотууга укуктуу жана бул үчүн БС тапшырган катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Баалык сунуш ишкананын расмий бланкында даярдалып, кол коюлуп жана мөөр басылышы керек.
Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баалык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.
Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана баалык сунуш бере алат.
Баалык сунуштун жарактуу мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.
Сунуштарды тандоо мөөнөтү ичинде баалык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Ушул тандоо боюнча бардык суроолор [email protected] электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.