“Центерра” “Кумтөрдүн” кызматкерлеринин укуктарын бузду

“Центерра” “Кумтөрдүн” кызматкерлеринин укуктарын бузду

Жарыяланган: 14 September 2021

“Центерра” “Кумтөрдүн” миңдеген кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн атайылап жумушсуз жана айлык акысыз калтырууга аракет кылган.

Май айынын башында “Центерра” Канададан “Кумтөрдүн” маалымат базаларын жана  системаларын жаап салган. Баардык техникалык жана каржылык документтер гана эмес, кызматкерлердин жеке маалыматтары да бекилип калган.

“Автоматташтырылган өндүрүштүн бузулушу жөнүндө” актыга ылайык, 15-майда, саат 19.00дө “Кумтөр Голд Компани” ЖАКынын баардык кызматкерлери компьютерлерине кире албай, өндүрүшкө байланыштуу программалар жана тиркемелер иштебей калган. Мисалы, карьердин боорунун жана таштанды тоо тектеринин жылышын көзөмөл кылуучу система да аралыктан өчүрүлүп, кендеги кызматкерлердин коопсуздугуна жана өмүрүнө өтө чоң коркунуч келтирилген.

Кадрлар бөлүмүндөгү кызматкерлердин паспорттук маалыматтары, эмгек өргүүлөрү жана жумуш графиктери, табелдери сыяктуу көптөгөн маалыматтар камтылган система да жабылып калган.

Азыркыга чейин бул маалыматтарды толук калыбына келтирүүгө мүмкүн болбой жатат.

Медициналык бөлүмдүн маалымат базасы да дагы деле жабык бойдон калууда. Ал эми бул маалыматтык базада “Кумтөрдүн” жана подряддык ишканалардын миңдеген кызматкерлеринин ден соолугуна байланышкан өтө маанилүү, анын ичинде жашыруун маалыматтар бар.

Бул жеке жана жашыруун маалыматтарга “Центерранын” дагы деле кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Канадалыктар бул маалыматтарды кандай максатта колдонушу мүмкүн экенин айтуу кыйын. “Кумтөр” бул боюнча “Центеррага” бир нече ирет суроо-талап жөнөткөнүнө карабастан, алар бул фактыны моюнга алуудан баш тартууда.

Адам укуктарынын жалпы декларациясында, Кыргызстандын Конституциясы менен эмгек мыйзамдарында эң маанилүү деп саналган кызматкерлердин эмгек укугун  “Центерра” одоно түрдө бузууда.

Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн маалыматтык системаларына кирүүгө бөгөт коюуу менен, “Центерра” кызматкерлердин жеке маалыматтарынын купуялыгын, ошондой эле алардын жеке маалыматтарына ээ болуу укугун одоно түрдө бузганын баса белгилөө керек. Бул өз кезегинде, жеке жашоого болгон кол тийбестик укугуна түздөн-түз тиешелүү жана ал эл аралык коомчулуктун баардык субъектилери тарабынан урматталууга тийиш.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын “Жеке маалыматтар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, кызматкерлердин документтеринин эсебин жүргүзүү системасына бир тараптуу  бөгөт коюуу – “Центерранын” “Кумтөрдүн” кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын алдындагы эмгек милдеттенмелерин бузуу жана жеке маалыматтарын ачыкка чыгаруу болуп саналат. Бул жерде 4200дөн ашуун адам тууралуу сөз болууда.

Башкача айтканда, “Центерра” биздин өлкөнүн улуттук мыйзамдарын гана эмес, өздөрү да бир нече жолу айткан эмгек мамилелери жаатындагы эл аралык принциптерди бузушкан.  Ошол эле учурда, эгер өндүрүш процесси токтотулса, “Кумтөрдүн” миңдеген кызматкерлери жана подрядчылары жумушсуз жана каражатсыз калышаарын, кенде өндүрүштү кайра баштоо үчүн олуттуу күч, финансылык салымдар жана убакыт керек экенин канадалыктар эң жакшы билишет.