«Кумтɵр» компаниясынын «С» нɵɵмɵтүнүн бургулоо-жардыруу бɵлүмүнүн кызматкерлери «Хадича» балдар үйүнүн тарбиялануучуларын Жаӊы жыл менен куттукташты жана Кажы-Сайдагы кɵп балалуу үй-бүлɵгɵ жардам беришти

Жарыяланган: 04 January 2016

Жаӊы жылдын алдында «Кумтɵр» компаниясынын «С» нɵɵмɵтүнүн бургулоо-жардыруу бɵлүмүнүн кызматкерлери Тоӊ районунун Кажы-Сай айылында жайгашкан «Хадича» балдар үйүндɵ болушту. Учурда бул мекемеде 30дан ашуун бала бар. Салтанаттуу кырдаалда бардык тарбиялануучулар жаӊы жылдык белектерди алышты. Балдар үйүнүн жетекчилиги жетимдерге кɵӊүл бургандыгы үчүн конокторго чоӊ ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, күмтɵрчүлɵр Кажы-Сайда жашаган кɵп балалуу эне Жийде Калдарбаеванын үй-бүлɵсүнɵ барып, материалдык жардам кɵрсɵтүп, балдарына жаӊы жылдык белектерди тапшырышты.

Бул кайрымдуулук акцияга катышкан жана балдардын жашоосунда жаркын маанай жараткандардын баарына ыракмат!