Жарыяланган: 26 May 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 2-июну, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК кызыкдар катышуучуларды Техникалык тапшырманын (тиркелет) талаптарына ылайык бургулоочу жабдуунун компоненттерине техникалык экспертиза жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө конкурстук табыштамаларды берүүгө чакырат.
Сатып алуу конкурстук документациянын талаптарына жооп берген катышуучулардын арасында чектелген катышуу менен конкурс ыкмасы аркылуу жүргүзүлөт.
Конкурстук табыштамалар электрондук түрдө төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: teh.expertiza@kumtor.kg табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү — 2026-жылдын 2-июну, саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
Конкурстук табыштама табыштаманы кепилдеген декларация түрүндөгү кепилдик камсыздоо менен кошо берилүүгө тийиш, табыштаманын колдонуу мөөнөтү — 60 календардык күн.
Түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн катышуучулар төмөнкү дарекке кайрыла алышат: Asel.Abdyldaeva@kumtor.kg. Суроо-талаптар табыштамаларды кабыл алуу аяктаган күнгө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүлүшү керек. Сатып алуучу уюм өз көзөмөлүнөн тышкаркы жагдайлардан улам келип чыккан кечигүүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Конкурстун катышуучусу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, техникалык экспертиза жана/же басым алдында иштеген казандарды, баллондорду жана идиштерди техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзүүгө укугун ырастаган жарактуу аккредитацияга же башка уруксат берүүчү документке ээ болууга тийиш.
Катышуучу төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
– конкурска катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат (№2 Тиркеме);
– юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
– уставдын көчүрмөсү;
– 2024–2025-жж. үчүн финансылык отчеттуулук (бухгалтердик баланс жана кирешелер менен чыгашалар жөнүндө отчет) же акыркы отчеттук мезгил үчүн Бирдиктүү салык декларациясы — КР резиденттери үчүн;
– резидент эместер үчүн — 2023–2025-жылдардагы финансылык туруктуулукту ырастаган документтер;
– ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация (№3 Тиркеме);
– конкурстук табыштаманын аткарылышын кепилдеген декларация (№4 Тиркеме);
– ырастоочу документтерди (сертификаттар, күбөлүктөр, уруксаттамалар) тиркөө менен квалификациялуу адистер жөнүндө маалымат (№5 Тиркеме);
– иштердин наркын жана аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен коммерциялык сунуш;
– Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген жарактуу аккредитация жөнүндө күбөлүктүн же башка уруксат берүүчү документтин көчүрмөсү;
– аккредитация чөйрөсү же аткарылуучу иштердин тизмесин ырастаган башка документ;
– тиешелүү экспертизанын түрлөрүн жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды ырастаган документтер (мамлекеттик уюмдар үчүн — буйруктар, жоболор, уставдык функциялар);
– лицензиянын көчүрмөсү (эгерде ишмердүүлүк лицензияланууга тийиш болсо);
– окшош иштерди аткаруу тажрыйбасы жөнүндө маалымат, ырастоочу документтерди тиркөө менен (болсо).
Кошумча шарттар
Катышуучу бир гана конкурстук сунуш бере алат. Белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табыштамалар каралбайт. Буйрутмачы каалаган сунушту четке кагууга же конкурсту себептерин түшүндүрбөстөн жокко чыгарууга укуктуу. Табыштаманы берүү катышуучунун конкурстун шарттарына толук макулдугун билдирет.
Тиркемелер: