Жарыяланган: 07 July 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 15-июлу, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «КГК») бир жарым кишилик эмерек гарнитурасын жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жол-жобосуна катышууга чакырат.
| № Лот1 | Аталышы | Саны |
| Сатып алынуучу товардын талап кылынган мүнөздөмөлөрү: | Сатып алынуучу товардын талап кылынган мүнөздөмөлөрү:
Бир жарым кишилик эмерек гарнитуру төмөнкү комплектте: – Ортопедиялык матрацы бар керебет; – Керебет жанына коюлуучу тумба – 1 даана; – Күзгүсү бар гардеробдук шкаф; – Комод. |
Бирдей 4 комплект.
|
| Товардын кеңири сүрөттөлүшү Техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн. |
Коммерциялык сунуштар өндүрүүчүлөрдөн жана түздөн-түз дистрибьюторлордон гана каралат, мында өндүрүүчү тарабынан берилген ырастоочу каттар же авторизациялык сертификаттар берилиши керек. Даяр эмеректерди долбоорлоо, чогултуу жана сатуу жаатындагы иш тажрыйбасы кеминде 2 (эки) жылды түзүшү керек.
Расмий бланкта даярдалган коммерциялык сунуштар (КС) КС берилген күндөн тартып кеминде 4 жума жарактуу болушу жана төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
1) Берилген күнү жана чыгыш номери;
2) Жеткирүү мөөнөттөрү жана эки Тарап үчүн тең ыңгайлуу төлөө шарттары;
3) Жеткирүү шарты: Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, «Кумтөр» алтын кени;
4) Уюмдун ыйгарым укуктуу адамынын колу жана мөөрү.
Коммерциялык сунушка төмөнкү документтер тиркелиши керек
– Устав;
– Мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүк;
– Салыктык каттоого коюлгандыгы жөнүндө күбөлүк;
– Салык органдарынан карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат;
– Сурамжылоо толтуруу (№1 Тиркеме);
– Жеткирип берүүчүнүн реквизиттерин Excel форматында толтуруу (№2 Тиркеме);
– Уюмдун атынан келишимдерге кол коюучунун ыйгарым укуктарын тастыктаган документ (буйрук, ишеним кат же башка документ).
Бардык документтер PDF форматында берилиши керек.
Коммерциялык сунуштарды берүү тартиби
Электрондук билдирүүнүн темасы: «Эмерек боюнча коммерциялык сунуш – бир жарым кишилик гарнитур» деп көрсөтүлүп, төмөнкү электрондук дарекке гана жөнөтүлүшү керек: mebel2@kumtor.kg (көчүрмөгө башка эч кимди кошпоо керек!!!)
Башка даректер көчүрмөгө кошулуп жөнөтүлгөн коммерциялык сунуштар, ошондой эле 2026-жылдын 15-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дөн кийин келип түшкөн сунуштар каралбайт!
Бардык кошумча тактоочу суроолорду жазуу түрүндө төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз: Olga.Turkovskaya@kumtor.kg
Тиркемелер