БИОАЖЫРООЧУ БАШТЫКТАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

БИОАЖЫРООЧУ БАШТЫКТАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 15 June 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 22-июну, саат 17:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «Буйрутмачы») талаптарга ылайык биоажыроочу баштыктарды жеткирүү боюнча баа сунуштарын тапшырууга укуктуу жеткирүүчүлөрдү чакырат.  

  1. Биоажыроочу баштыктар
    Материал: PSM, PLA.
    Көлөмү: 120 литр.
    Калыңдыгы: 20 мкм.
    Өлчөмү: 80 × 110 × 120 см.
    Өзгөчөлүктөрү: Сынууга жана жыртылууга туруктуу.
    Саны: 200 000 даана.
    Жеткирүү шарттары: жеткирүү жыл бою макулдашылган графикке ылайык жүргүзүлөт.

Жалпы талаптар

  1. Сунушка келишим боюнча коммерциялык сунуштарга жана милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек, ошондой эле уюмдун мөөрү (эгер бар болсо) басылышы керек.
  2. Документтерди тапшыруу форматы — PDF.
  3. Каттын темасы төмөнкүдөй болуш керек:
    «Жеткирүүгө баа сунуштарына суроо-талап [компаниянын аты]»
  4. Сунушту төмөнкү электрондук дарекке жиберүү керек:
    Zarina.Andasheva@kumtor.kg
  5. Эгерде “Кумтөр Голд Компани” ЖАКка жеткирүү боюнча тажрыйба жок болсо, анда шилтемедеги документтерди толтуруу менен квалификация/аккредитациялоо жол-жобосунан өтүү керек: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/

Коммерциялык сунуш уюмдун расмий бланкында берилиши керек.

Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 22-июнунда саат 17:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).

Сунуштун курамы

Сунушта төмөнкүлөрдү белгилөө керек:

  1. Кимге: «Кумтөр Голд Компани» ЖАК;
  2. Кимден: катышуучу компаниянын толук аталышы;
  3. Байланыш маалыматы: юридикалык дареги, телефон, жооптуу адамдын e‑mail дареги;
  4. Сунушту даярдоо күнү, кол коюу жана мөөр басуу;
  5. Сунушталган товардын аталышы;
  6. Товардын техникалык сүрөттөмөсү жана фотографиялары;
  7. Товардын бирдигинин баасы, анын ичинде бардык колдонулуучу салыктар жана «КГК» ЖАКтын кампасына жеткирүү;
  8. Жеткирүү дареги: Бишкек ш., Ибраимов көч., 24, «КГК» ЖАКтын кампасы/Балыкчы ш., Нарын шоссеси, 9, станциянын коду 721900;
  9. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү (30 календардык күндөн кем эмес);
  10. Товрады жеткирүү мөөнөтү;
  11. Төлөм шарттары: 100% кийин төлөө же алдын ала төлөө учурунда алдын ала төлөө суммасына банк кепилдигин берүү.