БИОАЖЫРООЧУ БАШТЫКТАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

БИОАЖЫРООЧУ БАШТЫКТАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 16 November 2026

КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 20-ноябры, саат 13:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «Буйрутмачы») укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү техникалык тапшырманын талаптарына ылайык биоажыроочу баштыктарды жеткирүү боюнча жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жол-жобосуна катышууга чакырат.

Товарлардын тизмеси Excel таблицада берилген (ар бир позиция өзүнчө каралат).

Жеткирүү шарттары: жеткирүү жыл бою макулдашылган графикке ылайык жүргүзүлөт.

Жалпы талаптар

  1. Сунушка келишим боюнча коммерциялык сунуштарга жана милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек, ошондой эле уюмдун мөөрү (эгер бар болсо) басылышы керек.
  2. Документтерди тапшыруу форматы — PDF.
  3. Каттын темасы төмөнкүдөй болуш керек:
    «Жеткирүүгө баа сунуштарына суроо-талап [компаниянын аты]»
  4. Сунушту төмөнкү электрондук дарекке жиберүү керек:
    zaproskotirovok@kumtor.kg
  5. Эгерде “Кумтөр Голд Компани” ЖАКка жеткирүү боюнча тажрыйба жок болсо, анда шилтемедеги документтерди толтуруу менен квалификация/аккредитациялоо жол-жобосунан өтүү керек: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/

Коммерциялык сунуш уюмдун расмий бланкында берилиши керек.

Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү

2026-жылдын 20-ноябырында  саат 13:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).

Сунуштун курамы

Сунушта төмөнкүлөрдү белгилөө керек:

  1. Кимге: «Кумтөр Голд Компани» ЖАК;
  2. Кимден: катышуучу компаниянын толук аталышы;
  3. Байланыш маалыматы: юридикалык дареги, телефон, жооптуу адамдын e‑mail дареги;
  4. Сунушту даярдоо күнү, кол коюу жана мөөр басуу;
  5. Сунушталган товардын аталышы;
  6. Товардын техникалык сүрөттөмөсү жана фотографиялары;
  7. Товардын бирдигинин баасы, анын ичинде бардык колдонулуучу салыктар жана «КГК» ЖАКтын кампасына жеткирүү;
  8. Жеткирүү дареги: Бишкек ш., Ибраимов көч., 24, «КГК» ЖАКтын кампасы/Балыкчы ш., Нарын шоссеси, 9, станциянын коду 721900;
  9. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү (30 календардык күндөн кем эмес);
  10. Товрады жеткирүү мөөнөтү;
  11. Төлөм шарттары: 100% кийин төлөө же алдын ала төлөө учурунда алдын ала төлөө суммасына банк кепилдигин берүү.

Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, катышуучу    түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Zarina.Andasheva@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрыла алат.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР