Ысык-Көлдө «Карагат Фест» мөмө-жемиш фестивалы старт алды

Ысык-Көлдө «Карагат Фест» мөмө-жемиш фестивалы старт алды

Жарыяланган: 06 August 2013

Karagat plusУшул жылдын 10-августунда Ысык-Көл областынын Тоң районунун Бөкөнбаев айылында алгачкы жолу «Карагат Фест» мөмө-жемиш фестивалы болуп өтөт. «Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосу астында бул иш чараны өткөрүп жаткан «АВЕП» коомдук фонду Ысык-Көлдүн белгилүү мөмө-жемиштерине арналган чыныгы майрам уюштурууга убада берет.

Фестивалдын алкактарында зор ярмарка пландаштырылган, анда меймандар жергиликтүү продукциядан даам сызып гана эмес, джемдерди жана ширелерди даярдоо боюнча мастер-класстарга, ошондой эле белектери жана байгелери бар ар кандай викториналарга да катышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат.

Фестивалдын башкы максаты – региондо мөмө-жемиш өндүрүшүн өнүктүрүүгө, Көлдүн түштүк жээгинин туристтик потенциалын жогорулатууга түрткү берүү. Бул максатта уюштуруучулар фестивалды ар жылы өткөрүүгө, аны фермерлер, продукцияны кайра иштетүүчүлөр жана керектөөчүлөр ортосунда өнөктөштүк мамилелерди орнотуу үчүн аянтчага айлантууга ниеттенишүүдө. Фестивалды өткөрүү датасы кокусунан тандалган жок. Биринчиден, ал кызуу курорттук сезонго туш келет жана бул регионго туристтерди тартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүк болуп калат. Экинчиден, дал ушул мезгилде Көлдө экологиялык таза мөмө-жемиштердин түшүмү жыйналат.
Фестивалда заманбап технологиялык жабдуулардын көргөзмөсү болот, питомниктерди, теплицаларды жана сактоо пункттарын өнүктүрүү, суунун, энергиянын жана жер семирткичтердин жана эмгек чыгымдарынын олуттуу үнөмдөлүүсүнө алып келген тамчылатып сугаруу системасын киргизүү боюнча адистердин консультациялары өтөт. Майрам кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы чоң гала-концерт жана майрамдык фейерверк менен аяктамакчы.

«Карагат Фест» фестивалы – бул уникалдуу иш чара, ал фермерлерге өз продукцияларын сатып өткөрүү үчүн пайдалуу өнөктөштүк байланыштарды жолго салууга мүмкүндүк берет. Фестивалда фермердик топтор гана эмес, питомниктер жана сактоочулар ассоциацияларынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышышмакчы», – деп баса белгиледи «АВЕП» коомдук фондусунун директору Максат Абдыкапаров.
«Биз Ысык-Көл областын туруктуу өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошо алгандыгыбызга кубанычтабыз. Фестиваль региондун жашоочуларына өз продукцияларын сатып өткөрүү каналдарын жолго салууга, көптөгөн пайдалуу маалымат алууга мүмкүндүк берет жана аягында келип жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө кошумча түрткү болуп калат деп ишенем», – деп белгиледи «Кумтөр» компаниясынын президенти Майкл Фишер.

Маалымат үчүн:

«АВЕП» Коомдук фонду – КРнын айыл жерлерин туруктуу жана инновациялык өнүктүрүүгө натыйжалуу көмөк көрсөтүү максаттарында эл аралык уюмдардын, жеке менчик, коомдук жана мамлекеттик сектордун кеңири спектри менен иштөөчү борборазиялык өкмөттүк эмес жана саясий эмес уюм.
«Карагат+» – «Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосу астында «АВЕП» КФ тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан 3 жылдык долбоор. «Карагат+» ишмердүүлүгү жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана мөмө-жемиш продукциясы рыногунун потенциалын кеңейтүүгө багытталган. Долбоордун алкактарында алар продукция сатып өткөрүү каналдарын жолго салуусу жана өстүрүлгөн жемиштерди сатуудан пайданы көбөйтүүсү үчүн фермерлерди маркетингдин негиздерине окутууга өзгөчө көңүл бөлүнөт.
Berry and Fruit Festival "Karagat Fest" Starts in Issyk-Kul Region