БЕКИТҮҮЧҮ МАТЕРИАЛДАРДЫ (МЕТИЗДЕРДИ) ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

БЕКИТҮҮЧҮ МАТЕРИАЛДАРДЫ (МЕТИЗДЕРДИ) ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

Жарыяланган: 22 July 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 29-июлу, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди бекитүүчү материалдарды (метиздерди) жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жолу менен өткөрүлүүчү жеткирүүчүлөрдү тандоо процессине катышууга чакырат.

Сунуштарды берүү форматы

Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында берилүүгө жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюу укугу бар ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлууга тийиш.

Сунуштарды берүү тартиби

Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

  1. Квалификациядан жана аккредитациядан өтүшү керек. Документтер боюнча шилтеме: www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov
  2. Баалык сунушту кыргыз же орус тилинде даярдап, электрондук түрдө Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 29-июлу саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүшү керек.

Тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

  • Жеткирүү мөөнөттөрү;
  • Жеткирүү шарттары;
  • Төлөм шарттары;
  • Баалык сунуштун жарактуулук мөөнөтү сунуш берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн болушу керек;
  • Милдеттүү түрдө: сунушталган товарга сертификат берүү.

Жеткирүү орду

DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:

  1. Кыргызстан Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү / Элебаев көчөсү.

Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери

Жеңүүчү болуп бардык позициялар боюнча (лот бөлүнбөйт) сунуш берген, техникалык сүрөттөмөгө ылайык келген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучу табылат.

Темасы «Метиздер боюнча суроо-талап (R29291)» деп көрсөтүлгөн сунуштарды Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 29-июлу саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл.

Заказчы кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алуу же четке кагуу укугун өзүнө калтырат, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта тандоо процессин токтото алат. Мында сунуш берген катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.

Баалык сунуш ишкананын расмий бланкында даярдалып, кол жана мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баалык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен катышуучу ушул талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин ырастайт.

Ар бир катышуучу бир гана баалык сунуш бере алат.

Баалык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күндү түзүүгө тийиш.

Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтүнүн ичинде берилген баалык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул тандоо боюнча бардык суроолорду Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.

Тандоо шарттарын түшүндүрүп берүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүүгө тийиш.

 

Тиркеме.