Жарыяланган: 19 October 2026
КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 26-октябры, саат 12:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сиздерди бекитүүчү материалдарды (метиздерди) жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жолу менен жеткирүүчүлөрдү тандоо процессине катышууга чакырат.
Сунуштарды берүү форматы
Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында даярдалып, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу жак тарабынан кол коюлушу керек.
Сунуштарды берүү тартиби
Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш:
Валюта
Жеткирүү орду
DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери
Жеңүүчү болуп бардык позициялар боюнча (лот бөлүнбөйт) сунуш берген, техникалык талаптарга жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучу таанылат.
«Метиздер боюнча суроо-талап (R29399)» деген темадагы сунуштарды [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 26-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 12:00гө чейин жөнөтүү зарыл.
Заказчы кайсы болбосун же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин тандоо процессин каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу. Мында Заказчы сунуш берген катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Баалык сунуш ишкананын расмий бланкында, кол коюлуп жана мөөр басылып таризделүүгө тийиш.
Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баалык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушун берүү менен катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин ырастайт.
Ар бир катышуучу бир гана баалык сунуш берүүгө укуктуу.
Баалык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.
Тандоо мөөнөтү ичинде баалык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Ушул тандоо боюнча бардык суроолор [email protected] электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү зарыл.