Барскоон айылындагы бала бакча жаӊы эмерек менен жабдылды

Барскоон айылындагы бала бакча жаӊы эмерек менен жабдылды

Жарыяланган: 09 April 2015

Ысык-Кɵл областынын Жети-Ɵгүз районунун Барскоон айылындагы бала бакча эми 2015-жылдын жазынан баштап 140 тарбиялануучуну батырууга жɵндɵмдүү. «Кумтɵр Голд Компани» бакчаны жаӊы мебель менен жабдууга 660 миӊден ашуун сом бɵлдү.

Компаниянын колдоосу менен бала бакча жаӊы эмерек алды жана эми кабыл алынуучу балдардын санын кɵбɵйтɵ алат. Жаӊы эмеректерди – шкафтарды, столдорду, стулдарды жана керебеттерди Жети-Ɵгүз районунан жергиликтүү подрядчик даярдады.
«Мурда бала бакча 70 гана баланы кабыл алса, эми ал сан эки эсеге кɵбɵйдү. Айылыбыз үчүн алтын казып алуучу компания тарабынан кɵрсɵтүлгɵн жардам ɵтɵ керектүү. Кɵрсɵтүлгɵн колдоо үчүн компанияга бардык жашоочулардын атынан ыраазылык билдиргим келет», – деп белгиледи Барскоон айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Руслан Эшмамбетов.