БАЛЫКЧЫ КАЙРА ЖҮКТӨӨ БАЗАСЫНЫН (БТБ) КҮЙҮҮЧҮ-МАЙЛООЧУ МАЙ КАМПАСЫНЫН РЕЗЕРВУАРЛАРЫН ТАЗАЛОО, ДЕФЕКТОСКОПИЯЛОО, ОҢДОО ЖАНА СЫРДОО БОЮНЧА
Жарыяланган: 12 August 2026
АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 19-августу, саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому кызыкдар компанияларды Балыкчы кайра жүктөө базасынын (БТБ) күйүүчү-майлоочу май кампасынын резервуарларын тазалоо, дефектоскопиялоо, оңдоо жана сырдоо боюнча иштерди аткарууга баа сунуштарын берүүгө чакырат. Иштердин курамы жана көлөмү Техникалык тапшырмада келтирилген (1-тиркеме).
Катышуучуларга коюлган талаптар:
- курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга 2-деңгээлден төмөн эмес лицензиянын болушу;
- окшош иштерди аткарууда 5 жылдан кем эмес тажрыйба;
- зарыл болгон материалдык-техникалык базанын жана квалификациялуу персоналдын болушу;
- кеминде эки окшош долбоорду ишке ашыруу тажрыйбасы;
- бузуусуз контролдоо жана дефектоскопия боюнча иштерди аткарууга лицензиянын болушу (тиешелүү иштерди аткарууда).
Катышуу үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек:
- коммерциялык сунуш;
- лицензиялардын жана уруксат документтеринин көчүрмөлөрү;
- окшош иштерди аткаруу тажрыйбасы жөнүндө маалымат;
- тастыктоочу документтери менен ишке ашырылган долбоорлордун тизмеси.
Коммерциялык сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 19-августунда саат 14:00гө чейин marlen.turatbekov@kumtor.kg электрондук дарегине.
Тиркеме №1: БПБ КММ кампасынын резервуарларын тазалоо, дефектоскопиялоо, оңдоо жана сырдоо иштерин аткаруу боюнча техникалык тапшырма.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК алынган ар кандай сунушту себебин түшүндүрбөстөн кабыл алуу же четке кагуу укугун өзүнө калтырат.