Мɵмɵ-жемишти кайра иштетүүчү «Бал Шире» заводу Жаргылчак айыл аймагына ɵткɵрүлүп берилди

Мɵмɵ-жемишти кайра иштетүүчү «Бал Шире» заводу Жаргылчак айыл аймагына ɵткɵрүлүп берилди

Жарыяланган: 08 April 2015

«Кумтɵр Голд Компани» компаниянын жергиликтүү жамааттардын туруктуу ɵнүктүрүүнү колдоо боюнча стратегиясынын алкактарында Жети-Ɵгүз районунун Ак-Терек айылында жайгашкан асептикалык консервациялоо продукциясын чыгаруучу мɵмɵ-жемишти кайра иштетүүчү «Бал Шире» заводун Жаргылчак айыл аймагынын муниципалдык менчигине ɵткɵрүп берди.
Ушул жылдын мартында аны муниципалдык менчикке ɵткɵрүп берүүнүн юридикалык жана финансылык маселелерин жɵнгɵ салуу боюнча бардык процедуралар аяктаган.

Ишкананы түзүү «Кумтɵр Голд Компанинин» инвестицияларынан улам мүмкүн болду, алардын жалпы кɵлɵмү ишкана иштеген жылдар ичинде 36 миллиондой сомду түзгɵн. Ɵндүрүштүк процесс ишке киргизилгенге чейин бир нече жыл мурда эле «Кумтɵр Голд Компани» ишканага консультациялык жана техникалык колдоо кɵрсɵткɵн. Тартылган адистер ишканага ɵнɵктɵштɵрдү издɵɵдɵ, сырье сатып алууда жана продукцияны сатып ɵткɵрүүдɵ жардам беришти. Даярдалган продукциянын бир бɵлүгү “Кумтɵр” кен ишканасына берилген. 300 литр сок түрүндɵгү биринчи партиясы 2014-ж. 18-ноябрында ишканага жеткирилген. Ошондой эле “Кумтɵрдүн” колдоосу менен заводдун имаратында цехтин капиталдык ремонту жүргүзүлгɵн, муздаткычтуу сактагыч сатылып алынган жана айланасындагы территория кɵрктɵндүрүлгɵн.

***

Жаргылчак айыл аймагындагы «Бал Шире» муниципалдык ишканасы ɵрүктɵн, алмуруттан жана помидордон пюре чыгарат. Жарым фабрикаттык пюре сок жасоодо колдонулат. Бишкектеги ишкана менен келишим боюнча «Бал Шире» пюрени ага жеткирет жана ɵнɵктɵш ишкананын базасында натуралдык сок чыгарат, аны даярдоодо консерванттар колдонулбайт.
Ишкана иштеген жылдары Ысык-Кɵл областынын фермерлеринен 64 тонна ɵрүк, 19 тонна алма, 20 тонна алмурут жана 30 тонна помидор сатып алынган.
«Бул ишкананын ачылышы жергиликтүү жашоочуларды иш менен гана камсыздабастан, жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларына ɵз продукцияларын кайра иштетүүгɵ тапшырууга да мүмкүнчүлүк берди. Биз жакынкы убакытта заводдун экологиялык таза продукциясы ɵлкɵнүн рыногунда таанымал болуп калат деп ишенебиз», – деп белгиледи заводдун директору Кайрат Жаныбеков.