БӨТӨЛКӨДӨГҮ СУУ КАМСЫЗДОО ҮЧҮН БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

БӨТӨЛКӨДӨГҮ СУУ КАМСЫЗДОО ҮЧҮН БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

Жарыяланган: 24 September 2026

ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 29-сентябры, саат 10:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сиздерди бөтөлкөдөгү суу камсыздоо үчүн баа сунуштарын тапшыруу аркылуу жеткирүүчүлөрдү тандоого катышууга чакырат.

Лот №1 Көлөм 0,5л ПЭТ

Лот №2 Көлөм 1 л ПЭТ

Лот №3 Көлөм 5 л ПЭТ

Лот №4 Көлөм 19 л ПЭТ

(ар бир лот өзүнчө каралат).

Тапшыруу форматы: Баа сунушу (мындан ары – БС) PDF форматында тапшырылып, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.
Сунуштарды тапшыруу тартиби

 

Тандоо катышуучулары төмөнкүлөр болушу керек:

1)      Квалификациядан жана аккредитациядан өтүүсү керек. Документ шилтемеси: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/

2)      Баа сунуштарын кыргыз же орус тилдеринде түзүп, электрондук почта дарегине water@kumtor.kg 2026-жылдын 29-сентябрында саат 10:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү керек.

Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн сунушталган коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек: ·         Жеткирүү убактысы;

·         Жеткирүү шарттары;

·         Төлөм шарттары;

·         Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү тапшырылган күндөн тартып кеминде 30 календардык күн.

Жеткирилген жер DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:

1)      Кыргызстан, Бишкек, Лев Толстой көчөсү/Элебаев көчөсү.

Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери: Жеңүүчү болуп сүрөттөмөгө дал келген БС жана эң төмөнкү бааны сунуштаган сунуш болот.
“Бөтөлкөдөгү суу камсыздоо суроо-талабаы” темасын камтыган сунуштар 2026-жылдын 29-сентябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө чейин water@kumtor.kg  электрондук почтага жөнөтүлүшү  керек.
Буйрутмачы келишим берилгенге чейин каалаган убакта сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга укуктуу, ошондой эле тандоо процессин токтотууга укуктуу, тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенме албастан.
Баа сунушу ишкананын расмий бланкында түзүлүп, кол коюлуп, мөөр басылышы керек.
Катышуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кийин берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун тапшыруу менен, катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот.

Ар бир тандоо катышуучусу бир гана баа сунушун бере алат.

Баа сунушунун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Сунуштарды тандоо мөөнөтү учурунда баа сунуштарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

Резиденттер чет элдик валюта курсуна байлабастан улуттук валютада коммерциялык сунуш бериши керек.

Резидент эмес адамдар каалаган валютада коммерциялык сунуш берүүгө укуктуу.

Бул тандоо боюнча бардык суроолорду электрондук почта аркылуу жөнөтсө болот: [email protected]
Тандоо шарттарын тактоо үчүн өтүнүчтөр сунушту тапшыруу мөөнөтүнө чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.

 

Тиркеме:

Техникалык тапшырма.