АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОДУКТУЛАРЫН ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ БОЮНЧА

АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОДУКТУЛАРЫН ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 14 April 2026

АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 21-апрели, саат 10:00.


Урматтуу айымдар жана мырзалар,

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызматкерлери үчүн азык-түлүк продуктуларын жеткирип берүү үчүн эки баскычтан турган чектелбеген конкурска катышууга жана Техникалык тапшырмага ылайык төмөнкү лоттор боюнча конкурстук табыштамаларды берүүгө чакырат:

  1. Лот № 9 – Тооктун жумурткасы;
  2. Лот № 17 – Жаңы жашылчалар жана чөп-чарлар;
  3. Лот № 17.1 – Жаңы бышкан картөшкө;
  4. Лот № 17.2 – Баш пияз жаңы;
  5. Лот № 17.3 – Сабиз (жуулбаган);
  6. Лот № 18 – Кургатылган жемиштер;
  7. Лот № 19 – Жаңы жемиштер;
  8. Лот № 19.1 – Жергиликтүү алмалар;
  9. Лот № 31 – Цитрус жемиштер

Сиздин сунуштарыңыз тиркелген документтер, тиркемелер жана баалар боюнча сунуштар менен бирге келишим боюнча коммерциялык сунуштарга жана милдеттенмелерге кол коюуга толук ыйгарым укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлуп, мөөр менен бекитилиши керек; документтер PDF форматында берилиши зарыл.

Документтерге кол коюучу адамдын (адамдардын) кол коюу ыйгарым укуктары ишеним кат же анын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.

Тандоо процессине катышууну каалагандардын баары Чакырууга тиркелген №2, №3, №4, №5 тиркемелерге ылайык формаларды толтуруп, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө электрондук почта дарегине жөнөтүүсү керек.

Катышуучулар конкурска катышуу үчүн өз табыштамаларын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат менен жөнөтүшөт; ар бир каттын көлөмү 25 MBдан ашпашы керек.

Каттын темасында биринчи пакет үчүн «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]», ал эми экинчи пакет үчүн «Баа сунушу [компаниянын аталышы]» деп көрсөтүлүшү керек; каттар төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: produkty2026_1@kumtor.kg

Конкурстук табыштаманы берүү тартиби

Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтом түрүндө беришет, мында эки топтом тең бир убакта тапшырылат:

  • Топтом №1 – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сырсөз жок берилет);
  • Топтом №2 – коммерциялык (баа) сунуш (файлга кирүү сырсөз аркылуу болушу керек жана биринчи этапта ачылбайт; сырсөз буйрутмачы сурагандан кийин электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт).

1. Биринчи баскыч – квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо
1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо катышуучунун төмөнкү документтерин кароону камтыйт:

  • Иш тажрыйбасын талдоо (акыркы эки жылдагы келишимдердин көчүрмөлөрү);
  • Техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн талаптарга ылайык берилген документтердин шайкештигин текшерүү;
  • Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу тууралуу маалымкаттардын түп нускасынын скан-көчүрмөлөрү (МСК/ГНС, Соцфонд);
  • КР Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон (же кайра каттоодон) өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн түп нускасынын скан-көчүрмөсү (жеке ишкерлер үчүн – ЖИ катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк же колдонуудагы патенттин көчүрмөсү; мында ишмердүүлүк түрү сатып алуунун предметине дал келиши керек);
  • Уставдын түп нускасынын скан-көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
  • Ишеним кат же документтерге кол коюу ыйгарым укуктарын тастыктаган башка документ;
  • Кол коюучунун паспортунун скан-көчүрмөсү;
  • 2024 жана 2025-жылдар үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бардык тиркемелери менен бухгалтердик баланс (пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) жана БСД (Бирдиктүү салык декларациясы) боюнча түп нускалардын скан-көчүрмөлөрү;
  • Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышуусу тууралуу маалымат (акыркы үч жыл, анын ичинде учурдагы жыл);
  • Конкурстук табыштаманы кепилдеген декларация (Чакыруу каттын №2 тиркемесинин формасы боюнча);
  • Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме (Чакыруу каттын №3 тиркемесинин формасы боюнча);

1.2. Биринчи баскычтын жыйынтыгында экинчи баскычка өткөрүлгөн катышуучулардын тизмеси түзүлөт.

1.3. Экинчи баскычка кабыл алынбаган катышуучулар:

  • документтердин толук топтомун бербегендер;
  • сыр сөзү жок биринчи топтом менен коммерциялык сунушту берген же сураганга чейин сыр сөз жөнөткөн;
  • буйрутмачынын талабы боюнча экинчи топтомдун сырсөзүн бербеген учурда;
  • кол коюлган конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация жок болгон учурда (Чакыргууга №2 Тиркеме формасы боюнча);
  • кол коюлган ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме жок болгон учурда (Чакыргууга №3 Тиркеме формасы боюнча);
  • Чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин документтерди тапшырганда.
  • Буйрутмачынын коопсуздук кызматы жана каржы бөлүмү тарабынан аккредитациядан өтпөгөн учурда.

1.4. Буйрутмачы өз каалоосу боюнча жеринде (чыгып баруу менен) текшерүү жүргүзүшү мүмкүн.

  1. Экинчи баскыч – конкурстук табыштаманы баалоо

2.1. Экинчи баскычка биринчи баскычтан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катыщууга уруксат берилет.
2.2. Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №5 тиркемесиндеги формага ылайык так түрдө толтурулат.

Эгерде конкурска Катышуучу Чакырууга №5 тиркемесинде белгиленген формага ылайык келбеген баа сунушун жөнөткөн учурда, анын табыштамасы четке кагылат.

2.3. Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык конкурстук табыштаманы берген жана баа/сапат катышы боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп табылат.

2.4. Артыкчылык, ар бир Лот боюнча суроо-талапта позициялардын максималдуу саны үчүн бааны сунуштаган Катышуучуга берилет.

2.5. Конкурстун Катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркы бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутманын кампасына жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдарды камтууга тийиш.

  • Баалоо критерийлери: Квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген жана баа/сапат катышы боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган катышуучунун сунушу жеңүүчү деп табылат.
  • Баа сунушун баалоо КНС эсепке алынбастан жүргүзүлөт.
  • Лоттор бөлүнбөйт.
  • Буйрутмачы негизги жана резервдик жеткирип берүүчүлөрдү тандайт, жаңы жашылча жана жемиштерди жеткирүү боюнча сунуш берген катышуучулардан тышкары.
  • Жаңы жашылча жана жемиштерди жеткирүү үчүн алкактык келишимдер түзүлөт, анда табыштамалар салыштырма талдоонун негизинде баа жана сапат принциби боюнча жүргүзүлөт.
  • Тандалган негизги жеткирип берүүчү менен жеткирүү келишими түзүлөт. Келишим талаптагыдай аткарылбаган учурда же бааны жогорулатуу ниети тууралуу билдирүү берилгенде, буйрутмачы резервдик жеткирип берүүчүгө кайрылууга укуктуу.
  • Резервдик жеткирүүчү менен алкактык келишим түзүлөт.

Келишимди аткарууга кепилдик милдеттенменин өлчөмү жана формасы (мындан ары – КАКМ)

  • Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеткирип берүү келишимин түзүү укугу берилген катышуучу КАКМды жеткирип берүү келишиминин жалпы суммасынын 2% өлчөмүндө киргизүүгө милдеттүү.
  • Жеңүүчү катышуучу КАКМ төлөмүн киргизүүдөн баш тарткан учурда буйрутмачы кийинки катышуучу менен келишим түзүүгө укуктуу.
  • КАКМ төлөмү төмөнкү учурларда буйрутмачынын тастыктоосунун негизинде жеткирүүчүгө 7 (жети) иш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө кайтарылат:
  • Келишим боюнча милдеттенмелер толук аткарылганда, анын ичинде бардык кепилдик милдеттенмелер (кепилдик мөөнөт) аткарылганда;
  • Форс-мажордук жагдайларга байланыштуу келишим бузулганда.
  • КАКМ төлөмүн аткаруу үчүн банктык реквизиттер Чакыруунун №7 Тиркемесинде көрсөтүлгөн.

Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын «21» апрели, Бишкек убактысы боюнча саат 10:00 чейин.

  • Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган конкурстук табыштамалар жана/же өтүнмөлөр кабыл алынбайт жана каралбайт.
  • Сунушун берүү менен катышуучу буйрутмачынын бардык талаптарында көрсөтүлгөн шарттарга, анын ичинде Чакырууга №6 тиркемесине ылайык Келишимдин шарттарына өз макулдугун билдирет.
  • Ар бир катышуучу ар бир лот боюнча бир гана конкурстук сунуш бере алат.
  • Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Olga.Turkovskaya@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.

Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.

Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР