АВАРИЯЛЫК-КУТКАРУУ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА МЕЛДЕШТИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ТАМАКТАНУУНУ (ТҮШКҮ ТАМАКТЫ) УЮШТУРУУ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 09 June 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 17-июну, саат 11:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК ушуну менен авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча мелдештин катышуучулары үчүн тамактанууну (түшкү тамакты) уюштуруу кызматтарын көрсөтүү боюнча котировкаларды суроо ыкмасы менен сатып алууга катышууга чакырат.
- катышуучулардын саны: 170 адам;
- кызмат көрсөтүлүүчү жер: Чүй облусу, Москва району, Садовое айылы, КР ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борбору;
- кызмат көрсөтүү датасы жана убактысы: 09.07.2026-ж. саат 12:00гө чейин;
- түшкү тамактын курамы жана сапатка карата талаптар – тиркелген Техникалык тапшырмага ылайык.
Сунушту тариздөөгө жана берүүгө карата талаптар:
Конкурстук сунуш жана ага тиркелген документтер Катышуучунун атынан кол коюуга жана милдеттенмелерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.
Бардык документтер төмөнкүдөй болууга тийиш:
- орус тилинде таризделген;
- кол коюлган жана бар болсо мөөр менен бекитилген;
- электрондук түрдө PDF форматында берилген.
Кол коюучунун ыйгарым укуктары документ түрүндө тастыкталууга тийиш (ишеним кат же башка ырастоочу документтер).
Коммерциялык сунуш фирмалык бланкта (эгер бар болсо) таризделет же төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- аталышын / толук аты-жөнү (ЖИ үчүн);
- ИНН;
- банктык реквизиттер;
- байланыш маалыматы.
Сунуштарды берүүнүн тартиби:
Коммерциялык сунуш Asel.Abdyldaeva@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 17-июну, Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дөн кечиктирбестен жөнөтүлүшү керек.
Башка дарекке жөнөтүлгөн же көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт. Ар бир катышуучу бир гана сунуш берүүгө укуктуу.
Табыштама төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- Төмөнкүлөр көрсөтүлгөн коммерциялык сунуш:
- кызмат көрсөтүүнүн наркы;
- төлөө шарттары;
- кызмат көрсөтүү мөөнөттөрү;
- сунуштун колдонулуу мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн).
- Техникалык тапшырманын талаптарына шайкештигин ырастоо
(сунуштун курамында же өзүнчө кат менен).
- Катышуучунун документтери:
- юридикалык жакты же жеке ишкерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (тамактануу кызматтарына ылайык келген иш түрү менен);
- санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын ырастоо (аткаруучунун/кызматкерлердин санитардык китепчесинин көчүрмөсү; бар болсо – башка ырастоочу документтер);
- сунушка кол койгон адамдын ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер: жеке ишкер үчүн – паспорттун (ID-картанын) же инсандыгын күбөлөндүрүүчү башка документтин көчүрмөсү.
Баалоо критерийлери:
Төмөнкү талаптарга жооп берген катышуучу жеңүүчү деп таанылат:
- Техникалык тапшырманын талаптарына шайкеш келген;
- документтердин толук топтомун камтыган;
- эң төмөнкү баага ээ болгон.
Буйрутмачы төмөнкүлөргө укуктуу:
- каалаган бир же бардык сунуштарды четке кагууга;
- зарыл болгон учурда, кызмат көрсөтүүчү менен макулдашуу боюнча датасын же убактысын өзгөртүү;
- келишим түзүлгөнгө чейин каалаган этапта катышуучулардын алдында милдеттенмелер жаралбастан сатып алууну жокко чыгарууга.
Сунуш берүү Катышуучунун ушул чакыруунун шарттарына толук макул экендигин билдирет.
Суроолор Asel.Abdyldaeva@kumtor.kg электрондук дарегине сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлөт.
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА