Липенкада жана Ак-Дөбөдө айдоо жерлерин реабилитациялоо боюнча долбоор аяктады

Липенкада жана Ак-Дөбөдө айдоо жерлерин реабилитациялоо боюнча долбоор аяктады

Жарыяланган: 30 October 2013

Айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү жашоочулар, ошондой эле КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарымдуу өкүлү Эмилбек Каптагаев Липенка жана Ак-Дөбө айылдарында 2 000 га жерди айыл чарба жүгүртүүсүнө кайтаруунун символикалык аземине катышышты. Эки участокто тең калыбына келтирүү иштери үстүбүздөгү жылы майда башталган жана «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен Кыргыз агробизнести жабдуу жана өнүктүрүү долбоору (KAED)тарабынан жүзөгө ашырылган.

«Бул район үчүн маанилүү окуя. Ирригациялык системанын эки объектиси аяктап жана эксплуатацияга берилди. Иштердин сметалык наркы 200 000 долларды түздү. «Кумтөрдөн» жана KAED долбоорунан улам биз Липенкада жана Ак-Дөбөдө 2 000 гектарга жакын айыл чарба жерлерин суу менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн алдык», – деп белгиледи КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарымдуу өкүлү Эмилбек Каптагаев.

«Биз эң сонун натыйжага жетиштик. Фермерлерде өз бизнесин кеңейтүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк пайда болду. Өз кезегинде айыл өкмөтү бул жерлерди ижарага берүүнүн эсебинен өз бюджетин толуктай алат»,- деп белгиледи «Кумтөр» компаниясынын туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер.

Эгерде фермерлер түшүмдүүлүктү жогорулатуунун жана топурактын асылдуулугун калыбына келтирүүнүн заманбап методдорун колдонушса, жакынкы жылдарда сугат жерлерден түшүмдүүлүк эч болбогондо 50%га көбөйүшү күтүлүүдө. 2013-жылы KAED долбоорунун адистери фермерлерге консультация берүүнү улантышмакчы жана калыбына келтирилген жерлерди ижарага берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнө жардам беришет.

Маалымат үчүн:

Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Липенка айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан реабилитацияланган участокто 14 миң куб метр көлөмдөгү Самат-Көл дамбасы жана ирригациялык каналдар калыбына келтирилди, насостук станция жана трансформатордук подстанция орнотулду. Жүргүзүлгөн иштерден улам 1250 га жер түз реабилитацияланды, а 750 га жерге да реабилитациянын пайдасы тиймекчи. Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылына жакын жайгашкан участокто 25 миң куб метр көлөмдөгү суткалык жөнгө салуу бассейни жана ирригациялык каналдар калыбына келтирилген.