«Кумтөр Голд Компани» айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча жылдык отчетун чыгарды

«Кумтөр Голд Компани» айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча жылдык отчетун чыгарды

Жарыяланган: 17 July 2018

«Кумтөр Голд Компани» 2017-жыл үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча жылдык отчетун чыгарды. Отчеттун максаты өкмөттүк мекемелер, бейөкмөт сектор жана өлкөнүн кеңири коомчулугун кен ишканадагы жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүнүн абалы жана Компаниянын айлана-чөйрөнү коргоодогу ишке ашырылган чаралар жөнүндө маалымдоо. Отчетторду ачык жарыялоо Компаниянын маалыматтык ачыктыкты андан-ары кеңейтүүгө жана бардык кызыкдар тараптар менен алгылыктуу диалогду колдоого багытталган ыктыярдуу демилгеси.

Отчеттун форматы Отчеттуулук тармагындагы глобалдык демилгенин, Туруктуу өнүктүрүү тармагындагы отчеттуулуктун, ошондой эле Тоо-кен өндүрүш жана металлургиялык сектор үчүн отчеттуулукка кошумчанын талаптарына жооп берет. Отчетто чагылдырылуучу олуттуу өңүттөрдүн мазмунун, алкагын жана чектерин аныктоодо биз Компания үчүн да, бардык кызыкдар тараптар үчүн да эң олуттуу саналган маселелердин чөйрөсүн назарга алдык. Бул Отчет Отчеттуулук тармагындагы глобалдык демилгенин текшерүүсүнөн өттү жана Глобалдык демилгенин бардык талаптарына шайкеш деп табылды.

Бул Отчет мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Кыргыз Республикасында жайгашкан коомдук уюмдарга жана китепканаларга жөнөтүлмөкчү.
«Кумтөр Голд Компанинин» 2017-жылга карата айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү жөнүндө жылдык отчету бардык кызыккандарга кыргызча, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү.