АНАЛОГДУК РАДИО БАЙЛАНЫШТЫН РАДИОЭЛЕКТРОНДУК КАРАЖАТТАРЫН САНАРИПТИК ИШТӨӨ РЕЖИМИНЕ ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН АЛДЫН-АЛА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАНДОО

АНАЛОГДУК РАДИО БАЙЛАНЫШТЫН РАДИОЭЛЕКТРОНДУК КАРАЖАТТАРЫН САНАРИПТИК ИШТӨӨ РЕЖИМИНЕ ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН АЛДЫН-АЛА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАНДОО

Жарыяланган: 16 September 2025

СУНУШТАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 01-октябры, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00 чейин.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сиздерди аналогдук радио байланыштын радиоэлектрондук каражаттарын санариптик иштөө режимине өткөрүү үчүн алдын-ала квалификациялык тандоого катышууга чакырат.

Табыштаманы тапшыруу форматы: Квалификациялык тандоодон өтүү үчүн өтүнмө жана башка документтер өтүнмөнү жана келишим боюнча милдеттенмелерди кол коюуга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек.

Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек.

Кол коюучу адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.

Сунуштарды берүү тартиби

 

Конкурска катышуучулар конкурстун талаптарына ылайык, орус тилинде толтурулган катышууга табыштамасын жана керектүү документтердин көчүрмөлөрүн электрондук түрдө radio2025@kumtor.kg электрондук дарегине 2025-жылдын 01-октябрынын, саат 14:00гө чейин жөнөтүлүшү керек.

Техникалык тапшырма тиркелет.

Катышуучу алдын ала квалификациялык тандоодон өтүп, купуялуулук жөнүндө макулдашууга (NDA) кол коюлгандан кийин, аткарылуучу иштер боюнча бааны, иштелип чыккан сметаларды жана башка зарыл документтерди камтыган коммерциялык сунушту берүүгө милдеттүү.

Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: Катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат;
Акыркы 3 жыл ичинде уюмдун ушул сыяктуу иштерди аткаруу тажрыйбасы. Конкурстун катышуучусу орто жана ири радио тармактарын түзүү тажрыйбасы жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү (аткарылган келишимдердин, аткарылган иштердин актыларынын көчүрмөлөрүн тиркеши керек)
Ушул сыяктуу иштерде тажрыйбасы бар адистердин болушу. Квалификация билим берүү документтери, сертификаттар же башка тиешелүү документтер менен тастыкталышы керек.
Берилген жабдуулар үчүн шайкештик сертификаттарынын болушу, өндүрүүчүнүн же дистрибьютордон уруксат катынын болушу.
Иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон баланста тиешелүү материалдык базанын бар экендигин тастыктоо. Тиешелүү документтерди тиркеме.
Катышууга табыштамасын берүүгө кепилдик берген декларация.
Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү;
Негизги ишмердүүлүктү аныктоочу документтин (Уставынын) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле директорлук кызматка дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү;
Мамлекеттик органдардын акыркы отчеттук датасына карата салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалымдоо.
2023-2024 финансылык отчетторунун түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү:

·      Бухгалтердик баланс;

·      Пайда жана чыгым жөнүндө отчет;

·      Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;

·      Капиталдын өзгөрүшү жөнүндө отчет;

·      Же болбосо 2023–2024-жылдар үчүн Бирдиктүү Салык Декларациясы.

Баалоо критерийлери: Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана талап кылынган документтердин толук пакетин камсыз кылган сунуш тандалып алынган деп таанылат.
Эң маанилүүсү! Техникалык тапшырмадагы талаптар боюнча маалыматты иштеп чыгып, сунуштоо керек. Техникалык тапшырма тиркелет.
«Радиобайланыш» темасы көрсөтүлгөн сунуш 2025-жылдын 01-октябрынын саат 14:00гө чейин radio2025@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Буйрутмачы кайсы болбосун же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу жана бул боюнча катышуучуларга карата эч кандай милдеттенмелерди албайт.
Конкурстук сунуш расмий бланкта болушу керек.
Тандоо катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кеч берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өзүнүн сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.

Ар бир Катышуучу тандоого бир гана конкурстук сунушун бере алат.

Конкурс сунушунун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек.

Конкурс сунушунун жарактуулук мөөнөтү ичинде сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Тандоодон өткөн Катышуучу келишимге кол коюудан мурун келишимди аткарууга кепилдик берген декларацияны берүүгө милдеттүү.
Эгерде аванс төлөмү каралган болсо, жеңүүчү компания аванс төлөмүнүн көлөмүнөн кем эмес суммада аванс төлөмүн камсыздоо үчүн банктык кепилдик берүүгө милдеттүү.
Бул конкурс боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Baisal.Taalaibekov@kumtor.kg
Тандоо шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнөн 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек

 

Тиркемелер:

  1. Техникалык тапшырма.
  2. Конкурстук сунушту кепилдеген декларация.
  3. Конкурстук сунушту даярдоо боюнча жалпы көрсөтмө
  4. ДЕКЛАРАЦИЯАк ниеттүүлүк жана коррупцияга каршы жобо