Жарыяланган: 25 February 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 3-марты, Бишкек убактысы боюнча саат 12:00 чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сиздерди алтын жана күмүш төш белгилерди жеткирүү үчүн баа сунуштарын тапшыруу аркылуу жеткирүүчүлөрдү тандоого катышууга чакырат.
| Сүрөттөмө | Саны | Өлчөө бирдиги |
| КГК логотиби түрүндөгү төш белгилер 585 пробадагы алтындан жасалган, тиркемедеги талаптарга ылайык | 20 | даана |
| КГК логотиби түрүндөгү төш белгилер 925 пробадагы күмүшүтөн жасалган, тиркемедеги талаптарга ылайык | 20 | даана |
| Тапшыруу форматы: | Баа сунушу (мындан ары – БС) PDF форматында тапшырылып, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. |
| Сунуштарды тапшыруу тартиби
|
Тандоо катышуучулары төмөнкүлөрдү аткаруусу керек:
1) Квалификация жа аккредитациядан өтүү. Документтерге шилтеме: www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov. 2) БС кыргыз же орус тилдеринде даярдалып, 2026-жылдын 3-мартында (Бишкек убактысы боюнча) саат 12:00гө чейин znachki2026@kumtor.kg электрондук почта дарегине жөнөтүлүшү керек. |
| Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн сунушталган коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек: | · Жеткирүү убактысы;
· Жеткирүү шарттары; · Төлөм шарттары; · Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү тапшырылган күндөн тартып кеминде 30 календардык күн. |
|
Жеткирүү орду |
DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:
1) Кыргызстан, Бишкек, Лев Толстой көчөсү/Элебаев көчөсү. |
| Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери: | Жеңүүчү болуп сүрөттөмөгө туура келген коммерциялык сунуш жана эң төмөнкү баа тартуулаган сунуш таанылат. |
| “Алтын жана күмүш төш белгилерин жеткирүү” темасын жазып, сунуштарды 2026-жылдын 3-мартында, Бишкек убактысы боюнча саат 12:00гө чейин znachki2026@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүү керек. | |
| Буйрутмачы келишим берилгенге чейин каалаган убакта сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин токтотууга укуктуу, тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан. | |
| Баа сунушу ишкананын расмий бланкында түзүлүп, кол коюлуп, мөөр басылышы керек. | |
| Белгиленген мөөнөттөрдөн кийин Катышуучулар тарабынан берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун тапшыруу менен, Катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот. Ар бир Катышуучу бир гана баа сунушун бере алат. Баа сунушунун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек. Сунуштарды тандоо мөөнөтү учурунда баа сунуштарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат. |
|
| Бул тандоо боюнча бардык суроолорду электрондук почта аркылуу жөнөтүү керек: chinara.toktonova@kumtor.kg | |
| Тандоо шарттарын тактоо үчүн өтүнүчтөр сунушту тапшыруу мөөнөтүнө чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек. | |
Тиркеме: Техникалык тапшырма.