АЛТЫН ЫЛГООЧУ ФАБРИКАСЫНЫН ПЛАНДОО ЖАНА ИНЖИНИРИНГ БӨЛҮМҮНӨ (ИНЖЕНЕРДИК-ТЕХНИКАЛЫК БАГЫТ) ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 24 November 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 8-декабры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында алтын ылгоочу фабрикасынын пландоо жана инжиниринг бөлүмүнө (инженердик-техникалык багыт) эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку техникалык билим;
- Техникалык чиймелерди жана схемаларды окуу боюнча баштапкы көндүмдөрүнө ээ болуу;
- Техникалык документтер менен иштөөнүн негиздерин билүү;
- Microsoft Office программаларын ишенимдүү деңгээлде билүү, AutoCAD программасын билүү артыкчылык болуп саналат;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
- Ишке кылдат мамиле кылуу, жоопкерчилик, үйрөнүүгө жөндөмдүүлүк жана 14/14 графиги боюнча иштөөгө даярдык.
Милдеттер:
- Техникалык чиймелерди жана схемаларды даярдоо, жаңылоо жана актуалдуу абалда жүргүзүүгө катышуу;
- Техникалык документация жана жабдуулардын каталогдору менен иштөө;
- Запастык бөлүктөрдүн тизмелерин түзүү жана тактоо;
- Запастык бөлүктөрдүн аталыштарын, техникалык мүнөздөмөлөрүн жана каталогдук номерлерин салыштырып текшерүү;
- Алтын ылгоочу фабрикасынын жабдууларын техникалык тейлөөнү жана оңдоо иштерин пландаштырууга колдоо көрсөтүү;
- Жооптуу адистин жетекчилиги астында маалыматтарды жүргүзүү, иретке келтирүү жана системалаштыруу.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма;
- Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени;
- Такшалма графиги – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 8-декабрында 16:00 кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.