АЛТЫН ЫЛГООЧУ ФАБРИКАСЫНЫН ПЛАНДОО ЖАНА ИНЖИНИРИНГ БӨЛҮМҮНӨ (ИНЖЕНЕРДИК-МЕХАНИКАЛЫК БАГЫТ) ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 24 November 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 8-декабры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында алтын ылгоочу фабрикасынын пландоо жана инжиниринг бөлүмүнө (инженердик-механикалык багыт) эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Инженер-механик же ушул сыяктуу багыттар боюнча жогорку техникалык билим;
- Өнөр жайлык жана айлануучу жабдуулардын түзүлүшү боюнча негизги билимдер;
- Вибрациянын, жылуулук өткөрүүнүн жана техникалык диагностикасынын негиздерин түшүнүү;
- Техникалык документация менен иштөө көндүмдөрү;
- Microsoft Office программаларын ишенимдүү деңгээлде билүү;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
- Ишке кылдат мамиле кылуу, жоопкерчилик, үйрөнүүгө жөндөмдүүлүк жана вахталык негизде14/14 күн графиги боюнча такшалма өтүүгө даярдык.
Милдеттер:
- Жабдуулардын абалын диагностикалоо боюнча инспекциялык иш-чараларга катышуу (вибрациялык талдоо, термография, НК);
- Диагностикалык маалыматтарды чогултуу, каттоо жана баштапкы талдоону жүргүзүү;
- Жабдуулардын иштөөсүндөгү четтөөлөрдү жана мүмкүн болуучу бузулууларды аныктоого катышуу;
- Текшерүүлөрдүн маршруттарын, отчетторду жана техникалык сунуштарды даярдоого катышуу;
- Жабдуулардын техникалык абалы боюнча маалыматтар базасын жүргүзүү жана актуалдуу абалда кармоо;
- Эмгекти коргоо, өнөр жай коопсуздугу жана өндүрүштүк коопсуздук боюнча талаптарды сактоо.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма;
- Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени;
- Такшалма графиги – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 8-декабрында 16:00 кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат