«Кумтөр» компаниясынын инженердик-геологиялык бөлүмүнүн кызматкерлери майып балдарга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү

«Кумтөр» компаниясынын инженердик-геологиялык бөлүмүнүн кызматкерлери майып балдарга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү

Жарыяланган: 22 December 2017

«Кумтөрдүн Элчилери» программасынын алкагында инженердик-геологиялык кызматкерлер тарабынан кезектеги кайрымдуулук акциясы ишке ашты. Чогултулган каражатка мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 11 жаңы майып арабалары жана азык-түлүктөр белекке берилди.

Мындай жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмегин «Элим, барсыңбы?» кайрымдуулук фонду сунуштаган. Учурдагы иш-чара Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө арналды.

Ошондой эле, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө, кичинекей балдары бар эки жалгыз бой энелерге да жардам көрсөтүлдү. «Элим, барсыңбы?» фонду уюштурган «Жылуулук тартуула» кайрымдуулук акциясынын алкагында аларга көмүр жеткирилип берилди.