Кумтөрдүн баалуулуктары

Кумтөрдүн баалуулуктары

Бүгүнкү күндө «Кумтөр Голд Компани» ата мекендик экономиканын флагманы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барган өлкөдөгү ири өнөр жай ишканасы болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун саясий эрки менен Кумтөр кени 2022-жылдын 4-апрелинде 100 пайыз мамлекеттин менчигине кайтарылган.

Бүгүнкү күндө «Кумтөр Голд Компани» динамикалуу өнүгүп жаткан ишкана катары төмөндөгүдөй артыкчылыктуу багыттарга басым жасайт:

  • өлкөнүн кызыкчылыгында ачык-айкын иш жүргүзүү;
  • алтын казып алуу чөйрөсүндө акыркы технологиялык чечимдерди колдонуу аркылуу өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу;
  • өндүрүштүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин минималдаштыруу, экологияга өзгөчө аяр мамиле жасоо;
  • чыгымдарды оптималдаштыруу менен алтын өндүрүүнүн өздүк наркын төмөндөтүү;
  • жаңы кендерди иштетүүнүн эсебинен инвестициялык портфелди кеңейтүү;
  • ар бир кызматкердин өмүрүнө жана коопсуздугуна кам көрүү;
  • компания кызматкерлеринин квалификациясын тынымсыз жогорулатуу менен кесиптик чеберчилигин арттыруу;
  • жыл сайын жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн, студенттерин стажировкага жана өндүрүштүк практига кабыл алуу алуу менен жаш кадрларды өстүрүү;
  • келечектүү жана социалдык маанилүү долбоорлорду каржылоо аркылуу жергиликтүү жамааттарды колдоо;
  • колдоого муктаждарды камкордукка алуу жана жардам көрсөтүү.

Кумтөр – жалпы улуттук байлыгыбыз! Эң башкы максатыбыз – элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн талыкпай иштөө, өлкөбүздүн өнүгүүсү, бакубатчылыгы үчүн салым кошуу.