3D БАСЫП ЧЫГАРУУ ҮЧҮН ЖАБДУУЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

3D БАСЫП ЧЫГАРУУ ҮЧҮН ЖАБДУУЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

Жарыяланган: 02 June 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 15-июну, саат 17:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди техникалык тапшырмага ылайык 3D басып чыгаруу үчүн жабдууларды жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо процедурасына катышууга чакырат.

Товарлардын тизмеси:

 

Лот № 1:

  1. 3D принтер (кесиптик FDM-принтер) — 1 даана;
  2. Түтүн жана VOC фильтрациялоо системасы (3D басып чыгаруу үчүн аба тазалоочу) — 1 даана;
  3. Иш станциясы (CAD/3D моделдөө үчүн компьютер) — 1 даана.

Лот бөлүнбөйт.

Тапшыруу форматы: Катышуу үчүн табыштамага жана башка документтерге, кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди өзүнө алууга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек.  Документтер кол коюлуп, PDF форматында берилиши керек.
Сунуштарды

тапшыруу тартиби

 

Тандоонун катышуучулары төмөнкүлөрдү аткарышы керек:

1)            Эгерде тандоого катышуучулар мурда «Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн товар жеткирүүнү ишке ашырышпаган болсо, анда квалификациядан жана аккредитациядан өтүшү керек. Документтерге шилтеме: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/

2)            Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде катышуу үчүн табыштаманы даярдап, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө 3d.print@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 15-июну саат 17:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүлүшү керек. Башка электрондук дарекке келип түшкөн конкурсттук сунуштар каралбайт.

Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: Жеткирип берүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилген коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек:

·         Товардын аталышы;

·         Техникалык сүрөттөмө;

·         Бардык салыктарды жана Сатып алуучунун кампасына чейин жеткирүүнү кошкондогу баа;

·         Жеткирип берүү мөөнөттөрү;

·         Төлөм шарттары;

·         Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү — берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Баалоо критерийлери:

 

Жеңүүчү катары техникалык тапшырмадагы товардын техникалык сүрөттөмөсүнө шайкеш келген жана эң төмөн бааны сунуштаган коммерциялык сунуш (КС) берген сунуш таанылат.
Сунуш 2026-жылдын 15-июну Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө чейин 3d.print@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек.
Буйрутмачы келишимди ыйгаруу алдында каалаган же бардык сунуштарды кабыл алууга же

четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу жана бул

үчүн катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт.

Конкурстук сунуш расмий бланкта даярдалышы керек.
Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган конкурс сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.

Сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Ар бир Катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат.

Конкурстук сунуштун мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул конкурс боюнча бардык суроолор Bermet.Kunduzbekova@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнөн 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.

 

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА