Кумтөрдүн айлана чөйрөгө камкордугу: өндүрүш таштандыларын иргөөнүн 39 түрү

Кумтөрдүн айлана чөйрөгө камкордугу: өндүрүш таштандыларын иргөөнүн 39 түрү

Жарыяланган: 18 July 2022

Айлана чөйрөгө терс таасирин азайтуу максатында «Кумтөр Голд Компани» ЖАК бардык өндүрүш калдыктарын кайра иштетүүгө жиберүүдө. Мындай калдыктарга колдонулган майлар, тамак-аш калдыктары, ал тургай колдонулган аккумуляторлор  сыяктуу кооптуу нерселер кирет.

Компанияда таштандыларды иргөө жана кайра иштетүү маселеси кандай чечилип жатканын айлана чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн инженери Акжол Акжигит уулу айтып берди.

Анын айтымында кендин бардык гараждарына ири жана жеңил унааларды оңдоо үчүн колдонулган майларды чогултуу максатында атайын контейнерлер орнотулган. Кайра иштетүүгө жиберүү алдында майлар боюнча атайын инженер талдоо үчүн майдын үлгүсүн алат. Жыйынтыктар алынгандан кийин, айлана чөйрөнү коргоо бөлүмү кайра иштетүүчүлөр менен байланышып, май калдыктарын алып чыгууну биргелешип пландаштырат.

«Бардык кайра иштетүүчү компаниялардын керектүү документтери жана мамлекеттик органдардан оң корутундусу бар. Бардык калдыктар салмагы өлчөнүп, акты түзүлөт. Алар кагаз түрүндө да, электрондук түрдө да катталат. Айлана чөйрөнү коргоо бөлүмү өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө боюнча стандарттардын сакталышы боюнча бардык бөлүмдөрдүн ишин көзөмөлдөп турат. Биз ошондой эле калдыктардын баардык түрү боюнча маалыматтарды чогултуп, мониторинг жүргүзөбүз», – деп билдирди Акжол Акжигит уулу.

Адис кошумчалагандай, ишкананын негизги милдети кандай гана өндүрүш калдыктары болбосун алардын айлана-чөйрөгө терс таасиринин алдын алуу болуп саналат. Дал ушул себептен кылдаттык менен иргөө жана андан кийин кайра иштетүү үчүн таштандынын 39 түрү аныкталган.

«Өндүрүш калдыктарынын баары кайра иштетилет. Буга кайра иштетүүгө болбой турган калдыктардын кооптуу түрлөрү кирбей турганын унутпашыбыз керек, бирок алардын саны өтө эле аз. Бүгүнкү күндө «Кумтөрдө» бардык өндүрүш калдыктары 39 түргө иргелет, алардын дээрлик бардыгы кайра иштетилет – булар пластик, жыгач, металл, кабелдер, жез жана башкалар», – деп түшүндурдү инженер.

Ишкананын таштандыларды бөлүү программасына ылайык, бардык объекттерде ар бир түр үчүн контейнерлер орнотулган. Ошондой эле тышкы башкаруу киргизилгенден кийин КГКнын адистери Европага кендеги калдыктарды иргөө жана кайра иштетүүнүн заманбап ыкмаларын табуу, изилдөө жана ишке киргизүү үчүн жөнөтүлгөн.

«Биз Германияда болуп, алардын желимди, шиналарды, колдонулган майларды, макулатураны, металлдарды кайра иштетүү боюнча комплекстүү ишканаларын изилдеп көрдүк. Учурда жабдуунун конкреттүү моделдерин тандоо, аларды кенге жеткирүү жана андан ары орнотуу боюнча жеткирүүчүлөр менен кат алышуулар жүрүп жатат», – деген Акжол Акжигит уулу “Кумтөр” кенинин Кыргызстандын карамагына өтүшү менен бардык кызматкерлер таштандыларды кайра иштетүүгө мурдагыдан да кылдат мамиле кыла башташканын белгиледи.