Жарыяланган: 22 September 2026
Тил – элдин тарыхын, дүйнө таанымын, салт-санаасын жана руханий мурасын муундан муунга жеткирген эң чоң дөөлөт. Кыргыз тили да кылымдар бою элибиздин эс-тутумун сактап, улутубуздун жүзүн аныктап келген.
Бүгүн мамлекеттик тил коомдук турмуштун бардык тармагында кеңири колдонулуп, заман менен кошо өнүгүп жатат. Анын кадырын көтөрүү – кыргызча сүйлөө менен гана чектелбейт. Тилди иш кагаздарында, өндүрүштө, илимде, технологияда жана күнүмдүк кесиптик чөйрөдө колдонуу да маанилүү.
«Кумтөр Голд Компани» үчүн мамлекеттик тил – корпоративдик маданияттын жана күнүмдүк иштин ажырагыс бөлүгү. Кен жайда да, кеңседе да кыргыз тилин колдонууга, анын иш чөйрөсүндөгү ордун кеңейтүүгө жана кызматкерлер арасында жайылтууга өзгөчө көңүл бурулат. Анткени тилдин күчү – анын колдонулушунда. Кыргыз тили канчалык көп чөйрөдө жаңырса, анын келечеги да ошончолук бекем болот.
Мамлекеттик тил күнү кут болсун!
Эне тилибиздин кадыры бийик, түбөлүгү түз болсун!