Төртүнчү чейрек жана 2016-жылдын жыйынтыктары

Төртүнчү чейрек жана 2016-жылдын жыйынтыктары

Жарыяланган: 24 March 2017

Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр

2016-жылы «Кумтөр» кенинде 550 960 унция1 же 17 136,78 кг алтын өндүрүлдү. Сатып өткөрүлгөн продукциянын көлөмү 546 342 унцияны же 16 993,15 кг алтынды түзгөн. Сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 686,4 млн долларды2 түздү. Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр таблицада:

VI чейрек 31-декабрга карата

12 ай 31-декабрга карата

2016

2015

Өзгөрүү

2016

2015

Өзгөрүү

Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн. USD 231,3 144,5 60% 686,4 604,5 14%
Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде)**** 44,6 46,9 (5%) 171,8 151,1 14%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы*** (млн  USD менен) 103,1 112,1 (8%) 350,4 367,9 (5%)
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы*** (унциясына USD менен) 537 852 (37%) 641 707 (9%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 35 542  45 418 (22%) 144 399 169 527 (15%)
Казылып алынган руданын көлөмү  (миң тонна) 223 3 941 (94%) 8 911 6 583 35%
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) 1 581 1 504 5% 6 303 5 729 10%
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 4,71 3,42 38% 3,44 3,57 (48%)
Алтынды ылгап алуу коэффициенти  (% менен) 83,5 79,9 5% 79,2 78,8 1%
Өндүрүлгөн алтын (унция менен) 200 762 130 610 54% 550 960 520 694 6%
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 6 244,4 4 062,4 54% 17136,78 16 195,41 6%
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен) 191 842 131 549 46% 546 342 520 517 5%
Сатып өткөрүлгөн алтын ( кг  менен) 4 091,6 4 091,63 46% 16 993,15 16 189,9 5%
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы*** (унциясына USD) 1 206 1 098 10% 1 256 1 161 8%
Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого)*** (млн USD) 11,5 11,8 (3%) 61,0 50,5 21%
Капиталдык жумшоолор (өнүктүрүүгө)*** (млн USD) 1,4 2,5 (44%) 14,8 14,2 4%
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)*** (млн USD) 58,3 12,1 382% 136,7 210,6 (35%)
Оңдоп-түздөлгөн операциялык жумшоолор*** (унциясына USD) 253 392 (36%) 342 326 5%
Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор*** (унциясына USD) 538 553 (3%) 640 731 12%
Бардык жумшоолор*** (унциясына USD) 545 572 (5%) 667 758 (12%)
Бардык жумшоолор салыктарды эсепке алуу менен*** (унциясына USD) 715 725 (1%) 843 921 (9%)

* – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
** – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
*** – Түзөтүлгөн операциялык чыгымдар, негизги фондуларды колдоого жалпы чыгымдар, жалпы чыгымдар, ошондой эле өзүнө кирешеге салыкты камтыган жалпы чыгымдар (млн. доллар менен жана продукциянын бир унциясын сатып өткөрүүгө кайра эсептегенде), алтынды сатып өткөрүүнүн бир унциясына орточо баа жана капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого, өнүктүрүүгө да) бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган нормаларына кирбейт жана “ГААП сырткары көрсөткүчтөр” бөлүгүндө талкууланат.
**** – Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде) өзүнө кендин иштешин камсыздоочу акчалай чыгымдарды: тоо-кен иштеринин наркын, жергиликтүү башкаруу чыгымдарын, роялтини жана жер казынасын эксплуатациялоого салыктарды (мунун кумтөргө тиешеси жок, анда дүң кирешеге салык эсептелет) камтыйт, бирок жешилүүгө, кунарсызданууга жана амортизацияга которууларды камтыбайт.

Кумтөр долбоору боюнча 2016-жыл 12 айдагы салыктар менен милдеттүү төлөмдөр

2016-жылдын 31-декабрына карата

Миң USD

Дүң кирешеге салык 80 083,32
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым 6 160,26
Экологиялык төлөм 310
Кызматкерлердин кирешесине салык 4 104,37
КРдин Социалдык фондуна төлөмдөр  17 906,10
Бажы төлөмдөрү 383,44
Резидент эместердин кирешесине салык 665,04
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 1 043,11
Бардыгы 123 491,59
АКШ долларынын КР сомуна карата расмий курсу 69,2301
Төлөмдөрдүн эквиваленти сом менен 7 633 766,55

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги «Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

Кыргыз Республикасы аймагындагы төлөмдөр

2016-жылы КР аймагындагы төлөмдөр (салыктар, аффинаж акысы, товарлар менен кызматтар үчүн төлөмдөр, инфраструктура төлөмдөрү, кайрымдуулук ж.б.) 238,450 млн доллардан ашты.

Компания иштеген 1994-2016-жж. аралыгында Кыргызстан аймагындагы төлөмдөр 3 миллиард 202 миллион доллардан ашкан.

Млн USD

2016 

1994 – 2016 

Салык, бажы ж.б. милдеттүү төлөмдөр 86,949 984,575
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 17,906 167,796
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым 6,160 56,205
Лицензиялар жана уруксаттамалар үчүн төлөм 0,458 3,514
Экологиялык төлөмдөр жана Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин пайдасына которуулар 0,310 4,989
«Кыргызалтын» ААКсынын пайдасына төлөмдөр 0,472 12,819
Аффинаж үчүн төлөмдөр 3 825 50,901
«Центерранын» акцияларын сатуудан алынган каражат 86,000
Дивиденддер 7,097 93,315
Кыргыз Республикасындагы сатып алуулар:

– товарлар жана кызматтар

37,052 727,259
– азык-түлүк 4,049 65,223
КР инфраструктурасына тиешелүү төлөмдөр:

– электр энергиясы

  12,962 166,601
кен ишканасынан сырткары жолдорду жакшыртуу жана тейлөө 1,596 42,745
«Тамга – Кумтөр» ЭБЛ 41,612
КГКнын кызматкерлеринин таза эмгек акысы 59,244 629,199
Санатордук дарылануу 0,744
Билим берүүнү колдоо, стипендиялар жана окутуу 0,664 5,817
Демөөрчүлүк жардам жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлору 0,706 28,123
Өкмөткө социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырууда жардам 31,000
Жергиликтүү жамааттарга төлөмдөр боюнча макулдашуу 4,400
Бардыгы 238,450 3 202,84

Кумтөрдүн Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири:

● «Кумтөрдүн» өлкө ИДПсындагы 2016-жылдагы үлүшү 8%;
● «Кумтөрдүн» өнөр-жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 23.4%.

2017-жылга прогноз

Алдын-ала баалоолор боюнча, Кумтөрдө 455-505 миң унция алтын өндүрүлмөкчү, мында жалпы жылдык көлөмдүн 30%ы 2017-жылдын төртүнчү чейрегинде күтүлүүдө. Капиталдык жумшоолордун жалпы көлөмү (кыртыш ачуу иштерин кошпогондо) 96 млн долларды түзүүгө тийиш. Негизги фондуларды колдоого жумшоолор*** (68 млн доллар) негизинен оор тоо-кен техника паркын кайра жабдуу жана жаңыртуу (58 млн доллар), АЫФ жабдууларын масштабдуу жаңыртуу (3 млн доллар) жана башка жумшоолор (7 млн доллар) менен байланышкан. Өнүктүрүүгө капиталдык жумшоолордун*** көлөмү 28 млн долларды түзүүгө тийиш, анын ичинде кен ишканасын эксплуатациялоонун жалпы планында каралгандай, анын карьеринин контурларын кеңейтүүнү эске алуу менен инфраструктуранын айрым объектилерин башка жерге көчүрүүгө 9 млн доллар көлөмүндө; туюккап дамбасын жогорулатуу (11 млн доллар), тоо-кен техникасын сатып алуу (4 млн доллар); кургактоо иш чараларына (2 млн доллар) жана башкалар (2 млн доллар) сыяктуу иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн. Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун акчалай курамы 2017-жылы 234 млн долларды түзгөн кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга жалпы чыгымдардан 172 млн доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

Комментарий

Центерранын Башкы кызмат адамы Скотт Перри: «Тилекке каршы, 2016-жыл алтын ылгоочу фабриканын кызматкери набыт болгон кырсыктан башталды. Бул кейиштүү окуя кайталанбасы үчүн компанияны толук камтыган коопсуздуктагы лидерлик боюнча “Work Safe – Home Safe” программасы аракетке киргизилүүдө. Өндүрүш көрсөткүчтөрү боюнча, буга чейин билдиргендей, жыл Кумтөр үчүн ийгиликтүү болгон жана Центерранын белгиленген өндүрүштүк прогнозун көбөйтүү жагына оңдолгон орточо көрсөткүчүнөн (540 миң унция) ашты. Продукциянын өздүк наркы боюнча мурдагы жылдык көрсөткүчүбүздү да олуттуу жакшыртканыбыз жөнүндө билдирүүгө кубанычтамын, себеби негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолор 2016-жылы өндүрүлгөн продукциянын унциясына 682 долларды түзөт деп божомолдонгон. Бирок жумшоолорду азайтуу үчүн Кумтөр негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолордун пландык көрсөткүчүн аткарып, өндүрүлгөн бир унцияга 640 доллар көрсөткүчүнө жетишти. Кумтөр жыл бою туруктуу жакшыртуу демилгелерин жүзөгө ашырып, фабриканын өндүрүмдүүлүгү жогорулады ал эми продукциянын өздүк наркы төмөндөдү. Кумтөр тарабынан кайрадан жасалган капиталдык салымдарды жана төлөнгөн салыктарды эсепке алуу менен накталай каражаттын олуттуу агымы жүргүзүлдү – бул накталай сумма 2016-жылы 237 млн долларды түздү. Компания аларды адилет жана бардык акционерлеринин кызыкчылыктарында чечүүгө умтулуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Кумтөр» долбооруна байланышкан бардык болгон талаш маселелерди чечүү боюнча консультацияларын улантууда».

***
Кумтөр кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбор Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылган эң ири алтын кен ишкана. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин Кумтөрдө жалпысынан 10,937 млн унция же 340,181 тонна алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» толугу менен Centerra Gold Inc. туунду компаниясы жана «Кумтөр» долбоорунун оператору катары бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

Centerra Gold Inc. («Центерра») өнүгүүгө багытталган Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү компания. «Центерра» Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү компаниясы. «Центерранын» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2017-жыл 23-мартка карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы 422 млн доллардан ашты.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана 2016-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиз толугу менен SEDAR системасында  жана www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.